“Айыл Банк” ААКтын мөөнөттүү аманаттарынын портфели 5 млрд сомдон ашты

23.01.2018

2018-жылдын 22-январына карата берилген маалыматтар боюнча  Айыл Банктын мөөнөттүү аманаттарынын өлчөмү 5 млрд. сомдон жогору болду. Ушул аманаттардын көбүнчөсү жеке жактарга таандык. Бул өлкөбүздүн калкы Айыл Банкка күндөн күнгө көбүрөөк ишеним көрсөткөнүн билдирет.  Аны төмөнкү сандар далилдеп жатат.

Мисалы, 2015-жылдын 1-январына карата Айыл Банкта 4430 аманатчы катталган, алар  депозиттик эсептерге 715 млн.144 миң сом суммасына аманаттарды ачышкан, ал эми 2018-жылдын 1-январына карата болсо, бизде 15 420 кардар болду, алар бизге ишеним көрсөтүп,  3 млрд. 897 млн. 348 миң сомго аманаттарды ачышты. Ошентип, аманатчылардын саны үч эсе көбөйүп, ал эми аманаттардын суммасы 5,5 эсе өстү.

Жеке жана юридикалык жактардын мөөнөттүү аманаттары 

 

        22.01.2018

01.01.2018

01.01.2017

01.01.2016

01.01.2015

Мөөнөттүү

5 234 440

16253

4 920 586

15 503

4 155 492

8 331

4 743 742

5 586

3 221 750

4 483

анын ичинде:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

юридикалык жактардын

1015875,71

75

1 023 238

83

2 571 033

55

3 753 292

50

2 506 606

53

жеке жактардын

4218564,05

16178

3 897 348

15 420

1 584 459

8276

990 450

5 536

715 144

4 430

Бүгүнкү күндө аманаттар жеке каражаттарды сактоонун жана көбөйтүүнүн эң белгилүү ыкмалардын бири болуп саналат. Өлкөбүздүн калкы аманаттарды ачууда ар кандай максаттарды көздөйт: кээ бирөө унаага/ турак жайга акча топтойт, кээ бирөө аманатты баласынын келечегин камсыздоо үчүн ачат, жана ошол үчүн алар белгилүү сумманы ай сайын төлөөгө, ал эми пайданы мөөнөттүн аягында көрүүгө даяр. Кээ бирөөлөр болсо тескерисинче, эркин каражаттарын банкка жайгаштырып, кошумча төгүмдөрдү төлөбөй кошуп эсептелген пайыздарга жашагысы келет.

Айыл Банк өзүнүн кардарларына учурдагы муктаждыктарын канааттандырган керектүү жана пайдалуу продуктыларды гана сунуштайт.

Кардарлардын арасында эң белгилүү аманаттардын бири болуп, жылдык 12%га чейинки пайыздык чен менен “Керемет” топтолуучу аманаты саналат. Анын жардамы менен чоң сумманы топтосо болот. “Керемет” аманатынын өзгөчөлүгү – бул, жогорку %, узак мөөнөт жана аманаттын мөөнөтүнүн ичинде аны чексиз толуктоо мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары аманат боюнча эсептелген пайыздарды ай сайын алса болот.

Айыл Банкта кичинекей балдардан баштап эмгеги сиңген ветерандарга чейинки адамдар үчүн ар кандай аманат продуктылары бар.

Мисалы, балдардын же неберелердин келечегинин камсыздоосун пландаштырган адамдар  үчүн  “Наристе” (12%) аманаты. Бул жерде дагы жогорку пайыздар, узак мөөнөт жана аманаттын мөөнөтүнүн ичинде аны чексиз толуктоо мүмкүнчүлүгү бар. Анын негизги артыкчылыгы – бул, каражаттарды капиталдаштыруу мүмкүнчүлүгү (б.а. кошуп эсептелген пайыздар аманаттын негизги суммасына кошулат). Ошондой эле келишимди бузганда – эсептелген %дын 50%га чейин алса болот.

“Ардагер” (12%) аманаты - пенсионерлерге дайындалган. Бул аманат дагы жогорку пайыздар, узак мөөнөт жана аманаттын мөөнөтүнүн ичинде аны чексиз толуктоо мүмкүнчүлүгү менен айырмаланат.  Мындан тышкары, аманат боюнча эсептелген пайыздарды ай сайын алса болот. Ошондой эле келишимди бузганда – эсептелген %дын 50%га чейин берилет.

“Алтын” (8%) аманаты  - активдүү адамдар үчүн.  Бул чексиз толуктоо жана жарым-жартылай алып туруу мүмкүнчүлүгү менен аманат.

“Асыл Жер” (11%) аманаты - өлкөдөн сырткары иштеп, акча каражаттарды топтоону пландаштырган биздин мигранттар үчүн дайындалган. Келишимди бузганда – эсептелген %дын 75%га чейин алса болот.

“Элет” (11%) аманаты  - компаниянын эркин акча каражаттарын сактап калууну жана көбөйтүүнү пландаштырган юридикалык жактар үчүн дайындалган аманат.

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка