«Айыл Банк» ААКтын Башкармалыгынын алтынчы мүчөсү дайындалды

22.01.2018

Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамынын 54-беренесинин 1-пунктуна, КРдин “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Мыйзамынын 104-беренесинин 6-пунктуна, “Айыл Банк” ААКтын Уставына, “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңеши жөнүндө жобосуна, ошондой эле “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин 2018-жылдын 16-январындагы №1/6 чечимине ылайык,

Токоев Токтобек Амалбекович,  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында макулдашуу жол-жобосу өткөрүлгонгө чейин, Бишкек филиалынын башкармасынын кызматы менен бирге “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын мүчөсүнүн милдетин аткаруучу болуп 2018-жылдын 16-январынан тартып дайындалды.

Токтобек Амалбековичти куттуктайбыз жана ишинде ийгилик каалайбыз!

 

 

 

← Тизме боюнча артка