Улуттук Банк “Айыл Банк” ААКка алкыш катты тапшырды

04.01.2018

Айыл Банк эки жылдан бери Бүткүн дүйнөлүк акча жумалыгына (Global MoneyWeek) активдүү катышып жатканын белгилеп кетүү зарыл.  Бул жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жыл сайын өткөрүлгөн эл аралык билим берүү иш чарасы. Ушул иш чаранын демилгечиси болуп балдарга жана жаштарга финансылык билим берүү боюнча Child & Youth Finance International эл аралык уюму  саналат.  Фестивалдын алкагында дүйнө жүзү боюнча балдардын жана жаштардын арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу темасына конкурстар, оюндар, лекциялар презентациялар, ачык эшиктер күнү, тренингдер жана дискуссиялар өткөрүлдү.

         Мындан тышкары 2017-жылы Айыл Банк 90 жылдан бери дүйнө жүзү боюнча белгиленген Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнө биринчи жолу кошулду.  Ушундай иш чараларга катышкан балдар финансы жана экономика тармагында билимдерди алып, жана акчаны үнөмдөп чогултууга үйрөнүшөт.

Айыл Банк өзүнүн кызматкерлерин дуалдык деп аталган окутууга активдүү катыштырды, аны  Сактык кассалар фонду (Германский Банк, Sparkassenstiftung für internationale Kooperation e.V. Savings Banks Foundation for International Cooperation (SBFIC)  Улуттук Банктын имаратында өткөрдү.  2016-жылдан баштап ага Айыл Банктын  26 жаш  адиси  катышты.

← Тизме боюнча артка