Ийгилике бирге: Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айылынын тургуну Эмиль Өмүрбеков “Айыл Банк” ААКтын аркасы менен өзүнүн техникасын жаңыртып алды

07.02.2018

“Жаңы трактор менен иштөө – өзүнчө бир ырахат!” – деп техниканын ээси белгилеп жатат. Анын салыштырууга мисалдары бар.  Көп жылдан бери ал колхоз тараган кезде сатып алган тракторлор жана комбайндар менен иштеди.

Эмиль Өмүрбеков жалпысынан 25 жылдан бери дыйканчылык менен жана мал чарбачылык менен алектенип, кант кызылчасын жана буудай өстүрүп, айыл чарба техникасын берүү боюнча кызматтарды көрсөтөт. Акырындык менен жер үлүшүн көбөйттү. Эми анын 850 гектар жери бар. Кышында ал 10 адамды жумуш менен камсыз кылса, сезон убагында болсо алардын саны 20 жетет. Эмиль Жумадиловичти айылдыктар сыйлап урматташат. Ал Ысык-Ата районунун ири айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат. КТРКнын улуттук каналы боюнча айыл чарба өндүрүүчү катары бир нече жолу чыгып сүйлөгөн.

Айыл Банкка насыя/ лизинг алуу үчүн бешинчи жолу кайрылып жатат. Биринчи насыяны айыл чарба өндүрүүчү Айыл Банктан 2014-жылы дыйканчылыкка алган, ал эми 2016-жылы лизингге эки тракторду жана асма жабдууларды алды.  Жана жакында эле 3 тракторду лизингге сатып алууга документтерди өткөрдү.

“Иштеп жаткан жана иштегиси келген адамдын алдында жаңыртуу, чоңоюу маселелери сөзсүз түрдө турат. Ошондуктан жаңы заманбап техниканы алуу зарыл. Себеби эскиге караганда, жаңы техника менен жакшы жыйынтыктарга жетсе болот. Ал эми техниканы  кошумча каражаттарсыз сатып алууга болбойт. Ошондуктан мен Айыл Банкка кайрылдым. Бул жерде айыл чарба техникасын сатып алууга эң ыңгайлуу шарттар” – деп, Эмиль Өмүрбеков белгилеп кетти.

Бирок ошону менен бирге жаңы техникада иштей турган билгич жана зээндүү адамдар аз. Бул техника тез иштейт жана компьютерлер менен жабдылган.  Атайын окутуу курстардын жоктугу абдан өкүнүчтүү. Быйыл талаа иштери аяктагандан кийин,  балдарды отургузуп өзүм билгендериме окутам деген максат бар.

Насыя алуудан фермер коркпойт, себеби өзүнүн күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн туура эсептеп чыккан. Анын туруктуу киреше булактары бар, негизгиси бул дыйканчылык.  Ошондой эле анча-мынча кирешени ал мал чарбачылыктан жана айыл чарба техникасынын кызматтарын көрсөткөндөн  алат. Эмиль Өмүрбеков малды Чүй, Нарын жана Ысык-Көл аймактарынан сатып алат жана сатат. Анын туруктуу сатып алуучулары бар. Кант кызылчасын Каинды Кант ААКка келишим боюнча өткөрөт.   

Продуктысы сапаттуу жана экологиялык жактан таза болгондуктан атаандаштыкка туруктуу. Негизги сатып алуучулары болуп республиканын ички керектөөчүлөрү саналат. Айыл Банктын насыяларынын/ лизингдин аркасы менен Эмиль Өмүрбеков машина-трактордук айыл чарба паркын акырындык менен жаңыртып жатат. 
 

 

← Тизме боюнча артка