“Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов Асакабанк менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана Өзбекстандын Узагротехмаш Трейд менен айыл чарба техникасы менен камсыздоо боюнча контракттарга кол койду

08.02.2018

Өзбек тарабынан Асакабанктын атынан макулдашууга Асакабанктын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бекзод Ахадов кол тамгасын койду. Ушул Макулдашуунун  максаты болуп,  Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосунда 2017-жылы 13-декабрында кол коюлган финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн иш чараларды мындан аркы ишке ашыруусу саналат.   

 “Айыл Банк” ААК Асака банк менен корреспонденттик эсепти ачуу жөнүндө Башкы Макулдашууну жаңы жылга чейин эле даярдаганы жөнүндө белгилеп кетүү зарыл. Өзбек тарап ушул Башкы Макулдашууга кол коюусун  тездетет деп жана бул эки өлкөнүн ортосундагы төлөмдөрдү ыкчам кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет деп, Айыл Банк ишенет.   
Кол коюу аземине чейин КРдин экономика министри Артем Новиков куттуктоо сөзүндө: “Өкмөттөр аралык Макулдашуу эки өлкөнүн банктарынын ортосунда кызматташууга, анын ичинде эки өлкөнүн банктарынын ортосунда тоскоолдуксуз корреспонденттик эсептерди ачууга мүмкүнчүлүктөрдү берет” – деп, баса белгилеп кетти. Экспорттук операцияларды өткөргөндө, өзбек сумдарды сомго жана АКШ долларына конвертациялоодо  кыргыз компанияларда кыйынчылыктар туулуп жатат. Кыргыз тарап продукцияны кыргыз сомго жана АКШ долларга сатууга даяр.

Өз кезеги менен Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев: “Коммерциялык банктар тарабынан атайын насыялык багыттарды ачуу жолу менен тышкы соода ишмердүүлүгүн өбөлгөлөө механизмин биз биринчи жолу колдонуп жатабыз.  Бул механизм тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн. сомго чейин өстүрүшү мүмкүн” – деп, белгиледи. КРдин Президенти Сооронбай Шарипович быйылкы жылды

“Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаганын эске алып, аймактык жана чегаралык кызматташуунун алкагында чоң перспективалар күтүлүүдө. Жана Айыл Банктын топ менеджменти, бул макулдашууларга кол коюлушу ушул максаттарга жетүүгө көмөктөшөт деп ишенет.

Ошондой эле ушул иш чарада “Айыл Банк” ААКтын, Өзбекстандын «AGROTEXMASH-TRADE» ОООнун жана Кыргызстандын «АХТС-Уралец» ЖЧКнын ортосунда, лизинг максаттарында, айыл чарба техника жана жабдуулар  менен камсыздоого үч тараптуу контрактка кол коюлду. Контрактка ылайык, өзбек тарабы айыл чарба техника менен камсыздоого, ал эми Банк ушул техниканы лизингге берүү үчүн аны кабыл алууга  жана төлөп берүүгө милдеттенет.
 

 

← Тизме боюнча артка