ЕАБР/ ЕФСР эл аралык миссиясы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына келип кетти

02.04.2018

Миссия 2018-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин болду.

Миссиянын алкагында бир катар жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болуп өттү. «Кыргыз Республикасын айыл чарба техникасы менен камсыздоону финансылоо» долбоорду ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу жана мониторингин системге салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрликтеринин жана мекемелеринин жана “Айыл Банк” ААКтын (долбоор боюнча каражаттарды алуучу) өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол өткөрүлдү.  Мындан тышкары, айыл чарба техникасын карап чыгуу жана долбоордун алкагында кызматташуунун сапатын билүү максатында, миссия жер-жерлерге барып лизинг алуучулар менен аңгеме түздү.

Маалым кат:

«Кыргыз Республикасын айыл чарба техникасы менен камсыздоону финансылоо» АКШнын 20 млн. доллар көлөмүндөгү инвестициялык долбоор  ЕФСР тарабынан 2014-жылдан бери ишке ашырып жатат жана төмөнкү насыя багыттарына берилет:

- мындан ары КРдин фермерлерине жана чарбаларына лизингге берүү үчүн айыл чарба техникасын сатып алууга;

- КРде айыл чарба техникасынын сервистик тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүүгө.

Долбоордун максаттары: КРдин айыл калкынын жакырчылык деңгээлин кыскартуу, чакан жана орто фермердик чарбаларын өнүктүрүү, ошондой эле агрардык продукцияны Евразия экономикалык коомдоштуктун өлкөлөрүнүн рынокторуна экспортту көбөйтүүнүн эсебинен жана Фондунун катышуучу-мамлекеттеринен Кыргыз Республикасына техниканы жеткирүү эсебинен интеграциялык эффект.

 

 

 

← Тизме боюнча артка