“Айыл Банк” ААКтын жана “Мобильник” ЖЧКнын төлөм терминалдарында жаңы кызмат өндүрүлдү

19.04.2018

18-апрелден баштап “Айыл Банк” ААКтын жана “Мобильник” ЖЧКнын төлөм терминалдарында “Айыптар, жыйымдар, салыктар” категориясында жаңы кызмат өндүрүлдү:
-  соттолгондугу/ соттолбогондугу жөнүндө ИИМдин маалымкаты

Комиссия
- Айыл Банктын төлөм терминалдарында – 40 сом

 -  Мобильник төлөм терминалдарында – 40 сом

Төлөмдүн негизги шарттары:
- ИННди киргизүү;
- уюлдук телефон номерин киргизүү;
- маалымкатты алуу мөөнөтүн тандоо

 маалымкатты 1 күндүн ичинде берүү – ИИМдин тарифи боюнча 230 сом
маалымкатты 3 күндүн ичинде берүү – ИИМдин тарифи боюнча 180 сом

 Төлөм терминалында маалымкатты түзүп  төлөгөндөн кийин ИИМ аны даярдайт жана төлөп берүүчүгө СМС-билдирүүнү жөнөтөт.    СМС-билдирүүнү алгандан кийин кардар даяр болгон маалымкатты алуу үчүн ИИМдин төмөнкү пункттарына барат:

  • Бишкек ш.,  Раззаков көч., 63 (Кыргыз Республикасынын ИИМ ГУУР );
  •  Ош ш., Алиев көч., 128 (ИИБ Ош шаары);
  • Джалал-Абад ш., Шопоков көч., 35 (ИИБ Джалал-Абад облусу);
  • Нарын ш.,  Ленин көч., 27 (ИИБ  Нарын облусу);
  • Талас ш.,  Турдалиев көч., 191 (ИИБ Талас облусу);
  • Каракол ш., Кутманалиев көч., 146а (ИИБ Ысык-Көл облусу);
  • Баткен ш., Раззаков көч., 4 (ИИБ Баткен облусу).

Ошону менен бирге, маалымкаттарды берүү пунктуна  паспорт, туулганы тууралуу күбөлүк жана терминалдан алган чек менен көрсөтүлгөн күнү баруу зарыл.

 

 

 

← Тизме боюнча артка