Биздин команда футзал боюнча банктар аралык турнирдин биринчи жана экинчи турдун эки оюнун утуп алышты

16.04.2018

Башы абдан жакшы башталды. Биздикилер 6:3 эсеп менен жеңишке ээ болушту.  Ушул оюнда өзгөчө Кант филиалынын насыя берүү бөлүмүнүн адиси Азим Каракеев жана “Айыл Банк” ААКтын Коопсуздук кызматынын кызматкери Урмат Чалмашбеков айырмаланышты, ар бириси үчтөн гол киргизди.  Айтмакчы, Азим Каракеев ушул оюндун эң жакшы футболисти болуп таанылды. 

Андан кийинки жекшемби күнү экинчи турдун оюндары болуп өттү, мында Айыл Банктын командасы Демирбанктын командасы менен жолугушту. Жана кайрадан жеңишке ээ болду. Оюнду 3:1 эсеби менен Айыл Банк утуп алды.   Азим Каракеев бир гол киргизип, кайрадан эң жакшы оюнчу болуп таанылды.  Урмат Чалмашбековдун эсебинде болсо эки гол.

Командабызды жакшы өткөрүлгөн оюн менен жана жеңиш менен куттуктайбыз, жана мындан аркы жеңиштерди каалайбыз!!!

 

 

  

← Тизме боюнча артка