“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү “2018-жылы талаачылык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” практикалык семинар-кеңешмеге катышышты

22.03.2018

Семинарга Насыялоо башкармалыгынын башчысы Нурлан Нишаев менен Сокулук филиалынын башкармасы Жаслан Алимханов катышты.

Мындан тышкары, КРдин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айыл чарба кооперативдеринин өкүлдөрү, ошондой эле Сокулук районунун мамлекеттик акимдигинин жетекчилиги катышты.

Семинарда ийгиликтүү тажрыйба, жогорудагы үрөн кооперативдеринин жетишкендиктери жана технологиялары жөнүндө аңгеме түзүлдү, жана талаага барып ал жерде ушул айыл чарба кооперативдердин практикалык тажрыйбалары көрсөтүлдү.

 “Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү жеткиликтүү насыя жана лизинг  продуктыларды берүүдө Банктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, ошондой эле айыл чарба ишкердиктин өнүгүүсүнө көмөктөшкөн башка банк продуктылары жөнүндө семинардын катышуучуларына  маалымат беришти.

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка