“Айыл Банк” ААКтын Сокулук филиалы кызылча эгүүчүлөр үчүн өткөрүлгөн семинарга катышты

02.03.2018

“Айыл Банк” ААКтын Сокулук филиалы ушул семинарга активдүү катышты. Филиалдын башчысы Жаслан  Алимханов  Банктын тиешелүү насыя продуктыларынын презентациясын өткөрдү, ошондой эле насыяны алуу үчүн керектүү документтерди чогултуу жөнүндө жана келишимдерди түзүү боюнча фермерлер менен кант заводу жана Банктын ортосундагы кызматташуу тартиби жөнүндө маалымат берди. 

Лектор катары семинарга KVCFнин консультанттары чакырылды, алар кант кызылчасын себүү жана иштетүү технологиясы боюнча фермерлерге презентация өткөрүштү. Ошондой эле “Кошумчаланган нарк чынжыры” KFWнин программасы боюнча Айыл Банк менен биргелешип ишке ашырылган продуктынын презентациясын өткөрүштү жана Айыл Банк аркылуу финансылоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө фермерлерге маалымат беришти.

Семинардын жүрүшүндө фермерлер көптөгөн суроолорду берип жооп алышты жана семинарда Сокулук районунун кызылча эгүүчүлөрүнүн көптөгөн көйгөйлөрү талкууланып, кызыккан суроолорго жооп алынды.

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка