“Айыл Банк” ААК «Nooruz Cup - 2018» шахмат боюнча турнирге катышты

26.03.2018

Ага ишкерлердин, бизнес-ассоциациялардын, республиканын министрликтеринин жана мекемелеринин, ошондой эле Кыргызстандагы чет өлкө мамлекеттеринин элчиликтеринин, эл аралык уюмдарынын атынан 60 жакын адам катышты. Алардын ичинде “Айыл Банк” ААКтын атынан төмөнкүлөр: Директорлор кеңешинин мүчөсү Темирбек Кулов, Талдоо жана аймактык координациялоо бөлүмүнүн башчысы Ренат Мамутов, корпоративдик насыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Арген Абдылдаев жана “Айыл Банк” ААКтын Бишкек филиалынын эсептешме-кассалык тейлөө боюнча башкы адис катышышты.

 Кыргызстандын бизнес-коомдоштуктардын арасында өткөрүлгөн шахмат боюнча турнирди Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынын колдоосу менен КРдин Соода-өнөр жай палатасы уюштурду. Жылда өткөрүлгөн турнирдин максаты спорттун интеллектуалдык түрлөрүн жайылтуу саналат, ошондой эле мелдештерди уюштуруу аркылуу өнөктөштөрдүн жана достордун жолугушуусуна аянттарды түзүүгө, жаңы байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, жана Кыргызстандын ишкер чөйрөсүндө шахматтын өнүгүүсүнө жана дискуссия аянтын түзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт.

 

Шахмат боюнча турнирге ардактуу конок болуп дүйнөлүк чемпиону, эл аралык гроссмейстери, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думанын депутаты Анатолий Карпов келди, ал кийинки жылы NOORUZ CUP турнирди башка өлкөлөрдөн катышуучуларды чакырып уюштурууну сунуш кылды.  

Турнир швейцар системасы боюнча ФИДЕ арбитрлерди тартуу менен өткөрүлдү. Турнирдин калыстыгы республиканын ишкер коомдоштуктун арасында шахмат боюнча таланттарды табууга мүмкүнчүлүк берди.

Атактуу чемпион Анатолий Евгеньевич Карпов турнирдин уюштуруучуларынын жана спонсорлорунун атынан, алардын ичине Айыл Банктын атынан дагы,  NOORUZ CUP – 2018 турнирдин жеңүүчүлөрүнө дипломдорду жана баалуу байгелерди тапшырды.

 

← Тизме боюнча артка