“Айыл Банк” ААКтын Беловодский филиалы Чүй облусунун фермерлери үчүн уюштурулган семинарга катышты

28.02.2018

    Үстүбүздөгү жылдын 27-февраль күнү Москва районунун акимдигинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Кошой” ААК жана “Щелково-Агрохим” АК тарабынан уюштурулган,  “Которуштуруп айдоодо кант кызылчасын иштетүү технологиясы, ошондой эле кант кызылчасынын алдынкы дүйнөлүк селекциясы жана кант тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымы” - темасына Чүй облусунун фермерлери үчүн окутуу семинары болуп өттү.

      Беловодский филиалынын атынан семинарга филиалдын башчысы Канатбек Арисов жана башкы адиси Максат Акаков катышышты. Мүмкүнчүлүк менен пайдаланып Максат Акаков лизинг продуктылары боюнча презентацияны өткөрүп, фермерлерге “Айыл чарбаны каржылоо - 6” мамлекеттик долбоору боюнча түшүндүрмөлөрдү берди жана KFWтин өкүлү Шавкат Абдураимов менен бирге “Кошумчаланган нарк чынжыры” насыя продуктысы жана анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө толук маалымат  берди.

    Ошондой эле ушул семинарда Канат Арисов жана "Кайынды Кант" ААКтын сатуулар боюнча директору Тимур Хавазов кызылча эгүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти, ошондой эле завод менен Айыл Банктын үзүрлүү кызматташуусу жөнүндө айтып беришти.

 

 

 

← Тизме боюнча артка