“Айыл Банк” ААКта “Элдик” жаңы кредит продуктысы боюнча биринчи кредиттер берилди

28.12.2017

Бул жаңы продуктынын мүнөздөгүчтөрү 2017-жылдын 24-октябрында бекитилгени жөнүндө белгилеп кетүү зарыл. Эми Банк элге керектүү товарларды (турмуш-тиричилик/ уюмдаштыруучу техника, эмеректер жана жеке пайдалануу үчүн башка товарлар) мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу үчүн өнөктөш-дүкөндөр аркылуу кредиттерди бере алат.

“Элдик” продуктысы боюнча кредиттер төмөнкүлөргө берилет:

  • ай сайын стабилдүү акча кирешеси жана/ же  менчикте олуттуу активдери бар болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына;
  • биздин Банкта/ же болбосо башка банкта эмгек акы долбоору боюнча тейленген уюмдун кызматкерлерине;
  •  “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлерине.

Ушул продукт боюнча кредит алууну каалаган адамдардын Банкта же башка финансы-насыялык мекемелерде жакшы кредиттик тарыхы / кредит тарыхысыз болушу керек.

 “Элдик” кредит продуктысынын мүнөздөгүчтөрү:

  • Кредиттин минималдуу суммасы – 5 000 (беш миң) сом, ал эми максималдуу суммасы – 100 000 (жүз миң) сом;
  • Кредиттин  мөөнөтү 3 айдан 18 айга чейин;
  • Пайыздык чендер жылдык 26%дан баштап 30%га чейин;
  • 3-жактын кепилдиги (50 000 сомго чейинки насыялар кепилдиксиз берилиши мүмкүн);

“Элдик” кредитти алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  • зайымчынын, күйөөсүнүн/ аялынын, кепилдин паспорту;
  • зайымчынын жана кепилдин акыркы 6-12 айдын ичиндеги кирешелери жөнүндө маалымкат (Банкта эмгек акы долбоору боюнча тейленген зайымчылардан талап кылынбайт.

 

 

← Тизме боюнча артка