“Айыл Банк” ААКтын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү

27.03.2018

2017-жылдын жыйынтыктары боюнча Банк көптөгөн финансы көрсөткүчтөр боюнча олуттуу натыйжаларга жетип, Кыргыз Республикасынын үч эң мыкты банктын ичине кирди. Ошентип, Банк уставдык капитал боюнча 1-орунду, кредиттик портфель-нетто боюнча 2-орунду, таза киреше боюнча 3-орунду (таза киреше – Банктын тарыхында эң чоң болду), активдер боюнча 3-орунду ээледи.

2018-жылдын 1-январына карата Банктын активдери 20,9 млрд. сомду, кредит портфелинин өлчөмү 14,2 млрд. сомду түздү.  Банктын 2017-жыл үчүн накта кирешеси 318 млн. сомду түздү.  Чогулушта төмөнкү маселелер каралды:

2017-жыл үчүн  “Айыл Банк” ААКтын финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жана “Айыл Банк” ААКтын бюджетин аткарганы жөнүндө Башкармалыктын отчету;

  • 2017-жыл үчүн  “Айыл Банк” ААКтын балансы жана кирешелер менен чыгашалардын эсептери боюнча ишинин жылдык жыйынтыктары;
  • 2017-жыл үчүн  “Айыл Банк” ААКтын финансы отчёттуулугунун аудитинин жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун корутундусу;
  • 2017-жыл үчүн 318,3 миллион сом суммада накта кирешеси бөлүштүрүлдү: дивиденддерди төлөөгө 100 миллион сом, уставдык капиталды толуктоого 185 миллион сом, калган кирешелер Банктын фонддорун толуктоого жөнөтүлдү;
  • Банктын Уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди;
  • Банктын кээ бир жоболоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди;
  • 2017-жыл үчүн Директорлор кеңешинин отчёту бекитилди;
  • Токтоболотов Малабек Анашович Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп шайланды;
  • “Айыл Банк” ААКтын тышкы аудитору болуп “КПМГ Бишкек” ЖЧК шайланды, ал  төрт ири аудитордук компаниянын ичине кирет;
  • 2018-жылга карата Банктын Бюджети бекитилди.

← Тизме боюнча артка