Өлкөнүн түштүк жагында “Айыл Банк” ААКтын демилгеси менен фермерлер үчүн практикалык семинарлар өткөрүлдү

01.03.2018

Бул семинарларда төмөнкү агротематикалар боюнча сөз болду: интенсивдүү бак өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү (артыкчылыктары, мүмкүнчүлүктөрү жана чет өлкөлүк тажрыйба), сүттү кайра иштетүү боюнча ЦДСти (кошумчаланган нарк чынжыры) финансылоо, малдын лизинги, мал союу цехтери боюнча долбоорлор. 2018-жылдын 27-февралында ушундай семинар Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын актовый залында өткөрүлдү, ага төмөнкүлөр катышты: Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаев, Айыл Банктын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов, бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү, бак өстүргөн фермерлер, облустун 4 районунан келген айыл чарба продукциясынын кайра иштетүүчүлөрү жана Баткен облусунун Айыл Банктын филиалдарынын кредиттик адистери.  

28-февраль күнү ушундай семинар Ош, Ош-Датка, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Гүлчө жана Кара-Кулжа филиалдарынын кардарлары үчүн, Айыл Банктын филиалдарынын башкармалары, менеджерлери, башкы жана жетектөөчү кредиттик адистери үчүн Ош шаарынын обл. администрациясынын кичине залында өткөрүлдү.  

Бүгүн 1-март күнү эстафетаны Жалал-Абад кабыл алды жана семинар облустун губернатору Кыянбек  Сатыбалдиев жана ушул маселеге кызыккан Айыл Банктын кардарларынын катышуусу менен өттү. Семинардын жүрүшүндө Айыл Банктын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов Банктын иши менен долбоорлору  жөнүндө кыскача айтып берди жана насыялоо маселелери боюнча кардарлардын суроолоруна жооп берди.  

Мындан тышкары, семинарда эл аралык класстагы агроном Алан Али сүйлөдү жана Азра Фрукт компаниясынын консультанты интенсивдүү бак өстүрүүнүн туркия тажрыйбасы жөнүндө айтып берди.

 

 

 

← Тизме боюнча артка