5-февралдан баштап Ибраимов көчөсү 108 - дареги боюнча Кардарларды тейлөө борбору иштеп баштайт

31.01.2018

Бул узартылган тартипте иштеген  “Кардарларды тейлөө борбору” статусу менен касса 2018-жылдын 5-февралынан баштап ишин баштайт. Операциялык ишмердүүлүктөн тышкары, бул касса кредиттерди алууга табыштамаларды кабыл алуу боюнча жана карт-эсептерди ачуу боюнча ишти жүргүзөт.

Сактык кассага төмөнкү банк кызматтарын көрсөтүүгө укук берилген:

жеке жактарды тейлөө боюнча:

  • депозиттик келишимге ылайык жеке жактардан депозиттерди кабыл алуу;
  • бюджетке төлөмдөрдү кабыл алуу жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу;
  •  пенсияларды жана пособияларды берүү;
  • мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;
  • накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;
  • банктык төлөм карталары боюнча операцияларды жүргүзүү;
  • жеке жактар үчүн акча которууларды жүргүзүү;
  • алган насыяларды төлөп берүү үчүн банктын кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу;
  • Банктын Башкы кеңсесинде же филиалдарында бекитилген насыялар боюнча акча каражаттарды берүү;
  • электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүү;

 

юридикалык жактарды жана  юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлерди эсепти ачпастан төмөнкү операциялар боюнча тейлөө:

  • Кыргыз Республикасынын бюджетине накта акча каражаттарды  кабыл алуу;
  • коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу;
  • тиешелүү документтер бар болгон учурда Банктын башкы кеңсесинин жана филиалдардын кардарларына эсептешме-кассалык тейлөө кызматтарын көрсөтүү;
  • электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүү;
  • Банктын ишинин бардык маселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
← Тизме боюнча артка