“Айыл Банк” ААКтын Каракол филиалы 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча эң мыкты филиал деп таанылды

13.06.2018

Сараң, ар бир тыйынды санаган, башкаларга эмес жакындарына дагы акчаны пайыз менен берген адамдын элеси көз алдыга келет. Албетте, жагымсыз элес. Бирок жашообуз ар кандай кызыктуу түстөргө бай, ошондуктан банкирдин элесин башка жагымдуу түстөргө боёп, анын жакшы жактарын көрсөтүүгө аракет кылалы. Назарыңызга “Айыл Банк” ААКтын филиалдары жөнүндө бир катар макалаларды тартуулайбыз.

    “Айыл Банк” ААКтын жамаатында Кыргызстан боюнча 1500 адам эмгектенет, алар Бишкектин башкы кеңсесинде, 33-филиалында, ошондой эле 73 сактык кассасында, 31 көчмө кассасында, 12 аймактык өкүлчүлүктө жана 28 чакан-кредит кеңсесинде эмгектенишет. Айыл Банктын филиалдары өлкө боюнча тармак жайган.

 2017-жылдын ишинин жыйынтыктары боюнча Банктын 4 филиалы өзүнүн категорияларында эң мыкты деп таанылды. Алар: Каракол, Сокулук, Кара-Балта жана Беловодский филиалдары.  Бүгүн назарыңызга Каракол филиалын сунуштайбыз.  

    Каракол филиалынын жамааты түрдүү адамдардан турат. Ал жерде бүтүн Банктын жана филиалдын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон тажрыйбалуу адамдар эмгектенишет. Ошондой эле мындай тажрыйбасы жок, бирок намыскөй жаш адистер дагы иштейт, алар дагы Банктын ишине жаңы идеяларды кошууга даяр.  Филиалдын жамааты Банктын бардык бөлүмдөрүнүн жамаатындай эле абдан жакшы, активдүү жана ынтымактуу. Каракол филиалынын башкармасы Төлөгөн Осмоновдун айтымында: “Биз мындан дагы чоң бийиктиктерге жетүүгө даярбыз, ошону менен бирге ал бийиктиктерди багындырып андан ары жол тартабыз. Эмгек, тырышчаактык жана билим – ийгиликтин күрөөсү.”

 Каракол филиалы аймактык өкүлчүлүк катары 1996-жылы ачылды, ал эми 1998-жылы филиал болуп өзгөрдү.  Филиалдын курамына 4 сактык касса, 4 көчмө касса, 3 аймактык өкүлчүлүк жана Каракол шаарындагы филиалдын кеңсеси кирет.  Бардыгы 70 адам эмгектенет.

 “Ар бир эл өз башкаруучусуна татыктуу” деген Ницшенин сөзүнө таянып, Айыл Банктын филиалдарынын тармагында эң мыкты деп таанылган жамааттын жетекчиси дагы мыкты деп айтсак жаңылышпайбыз.

Төлөгөн Осмонов - “Айыл Банк” ААКтын Каракол филиалынын башкармасы.

Төлөгөн бала чагында врач болгусу келген, бирок өспүрүм жашы 90-жылдын кризисине туш келди. Ошондуктан ал атасынын жолун жолдоп финансист болууну чечти. Бирок ал чечимди кабыл алганына өкүнгөн жок, себеби ушул кесипте иштеп элине жана жерине пайда алып келет.  Айыл Банкта 2007-жылдан бери иштеп келе жатат. Ишин Бишкек филиалында кредит адиси катары баштаган.  Айыл Банктын Чоң Алай, Тон жана Балыкчы филиалдарында эмгектенген. 2017-жылдын апрель айынан баштап Каракол филиалынын башкармасы болуп дайындалды. Айыл Банк мамлекеттик банк болгондуктан, ал өлкөнүн финансылык жана агрардык секторунун өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп эсептейт.

 Каракол филиалынын көрсөткүчтөрү:

2018-жылдын 1-майына карата кардарлардын саны 24 724 адамды түздү.

 Алардын ичинен:

Зайымчылар - 3749

Аманатчылар  – 847

Алыш-бериш эсептери бар адамдар - 14 994

Пластикалык карталардын пайдалануучулары - 5 134

01.05.2018ж. карата депозиттик базанын жалпы көлөмү  399 271 миң сомду түздү.

01.05.2018ж. карата кредит портфелинин жалпы көлөмү 771 398 миң сомду түздү.

 

Каракол филиалы боюнча 01.01.2006ж. баштап 31.05.2018ж. чейин берилген кредиттер

Аймактык өкүлчүлүк

01.01.2006-31.12.2016 чейин берилген кредиттер

01.01.2017-31.05.2018 чейин

берилген кредиттер

Сумма

Саны Сумма Саны
Филиалдын кредит берүү сектору

540 752 353

2 860

283 333 334

936

Жети Өгүз АӨ

560 360 213

4 745

263 754 103

1 032
Түп АӨ 498 715 966

4 419

149 695 985

1 005

Ак-Суу АӨ

558 774 063

4 634

127 392 325

1 012

Бардыгы филиал боюнча:

2 158 602 595

16 658

824 175 747

3 985

Таблицадан тартылган кардарлардын саны жыл сайын көбөйүп жатканы көрүнүп турат.

“Айыл Банк” ААК боюнча МТСти (машина-трактордук станцияларды) финансылоо боюнча Каракол филиалы лидер болуп саналганын белгилеп кетүү зарыл.  2017-2018-жж. Жети-Өгүз району боюнча Каракол филиалы 6 МТС ачты.  Дагы 3 МТС ачылганы турат.

Айыл Банктын филиалдарынын ичинен эң мыкты болуш оңой эмес. Себеби жетекчилик тарабынан кызматкерлерге чоң талаптар коюлат.  Бирок Каракол филиалы ошого жетише алды. 

  “Ийгиликке жетүүнүн башында кесипкөйлүк турат, ошондой эле каалоо-тилек, ишеним жана эң мыкты болууга умтулуу. Мындан тышкары, ар бир кардарга жеке мамиле жасоо ушундай көрсөткүчтөргө алып келди” – деп, филиалдын башкы адиси Гульбарчын Ибраимкулова баса белгилеп кетти.

Жамааттагы командалык биримдик дагы чоң мааниге ээ. Жакшы иштеген, жакшы эс алат – деген сөз бар.

Жалпы баалуулуктарда негизделген жамааттык көз карашты бекемдөөгө багытталган тимбилдингдер, филиалдын аймагын жана шаардын инфраструктурасын жашылдандыруу боюнча ишембиликтер, дайыма өткөрүлгөн кайрымдуулук акциялары жана башка иш чаралар бирге иштеп жана эс алуу ыкмаларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, жана бул иш филиалдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Натыйжасында кесипкөй, атаандаша алгыдай, жана эң негизгиси, бекем бириккен жана ар кандай маселелерди чечүүгө даяр болгон жамаатты түзүүгө көмөктөшөт.

 Филиалдын сыйлыктары:

  •  2009:  2-орун – операциялык бөлүгүндө алдынкы көрсөткүчтөр үчүн диплом;
  •  2011:  2-орун – жылдын жыйынтыктары боюнча жетишкендиктер үчүн диплом;
  •  2015:  эң мыкты филиал номинациясында 1-категориядагы диплом;
  •  2016:  аймактын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Обл. акимдигинен алкыш кат;
  •  2017:  эң мыкты филиал номинациясында 1-категориядагы диплом;
  •  2017:  кредит портфелинин өсүшү боюнча эң мыкты филиал номинациясында 1-категориядагы диплом;
  •  2017:  “Арзан турак жай” Өкмөттүн программасын ишке ашыруу алкагында “Ипотекалык кредиттерди берүү боюнча эң мыкты филиал” номинациясында МИКтен диплом;
  •  2017: Ысык-Көл облусу боюнча эң мыкты кредиттик адис номинациясында филиалдын кредиттик адиси Бактыбек Уметалиевдин МИКтен ардак грамотасы;
  •  2017:  филиалдын башкармасы Төлөгөн Осмоновдун  КРдин Банктар союзунан алкыш каты;
  •  2018:  шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Каракол шаарынын мэриясынан алкыш кат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка