“Айыл Банк” ААКтын Гүлчө филиалынын Чоң Алай Аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери үчүн тех. окуу өткөрүлдү

04.06.2018

Тех. окуунун планына ылайык төмөнкү темалар талкууланды: күн документтерди жана кассалык документтерди түзүү боюнча нускама, банктык төлөм карталарын тейлөө боюнча жол-жоболор, май айы үчүн сактык кассалардын ишинин жыйынтыктарын чыгаруу (валюталык операциялар, МСДП), июнь айына пландар, бухгалтерия, кредит берүү жана кредитти тескөө-башкаруу боюнча Банктын ченемдик документтерине киргизилген акыркы өзгөртүүлөр, кредиттердин классификациялоосу боюнча нускама ж.б.    

Мындан тышкары, филиалдын жетекчилиги кызматкерлерди жогорку жыйынтыктарга жетүүсүн өбөлгөлөө максатында, өтмө кубокту тапшыруу менен “Айдын эң мыкты кызматкери” номинациясын уюштурду. Кызматкерлердин баары катышкан жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында кредит берүү боюнча Гүлчө филиалынын башкы адиси Райымбек уулу Сүйөрбек  айдын эң мыкты кызматкери болуп таанылды

Тех. окуу аяктагандан кийин Чоң Алай аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери орозо кармаган кесиптештерге ифтар уюштурушту.

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка