“Айыл Банк” ААКтын кызматкерлери үчүн “Саякбай” кинотасмасынын жабык көрсөтүүсү уюштурулду

28.05.2018

Саякбай Каралаев жөнүндөгү фильмдин негизинде - манасчы менен жаш Чынгыз Айтматовдун жолугушуусу.  Жазуучунун ролун анын баласы Эльдар Айтматов, ал эми Саякбайдын ролун болсо белгилүү актер Марат Жантелиев аткарды. Актёрдун Саякбай Каралаевге окшоштугу көрүүчүлөрдү абдан сүйүнттү. Фильмдин сюжети боюнча Москва адабият институтунун студенти Чынгыз Айтматов каникул убагында Саякбай Каралаевге барды. Ата мекендик адабиятынын болочок классиги менен улуу манасчы алыскы 1957-жылы болгону бир нече күн көрүшүп маектешти.

Бул көрсөтүүнү, 2014-жылы Саматбек Ибраев тарабынан түзүлгөн, манасчы Саякбай Каралаев атындагы эл аралык коомдук фонду уюштурду. Саматбек Ибраев “Манас” эпосун таанытууга бардык күчүн салган адам катары коомчулукка белгилүү. Өзү болсо, “Манас” эпосу – бул, замандаштарга маселелери чечүүгө жардам берген кеңештердин жыйыны деп эсептейт. Манасчы Саякбай Каралаев атындагы фонд акындын 120-жылдыгына карата түзүлгөн.

“Өзүнүн түп-тамырын, элинин тарыхын, элибиздин Саякбай Каралаевдай болгон улуу өкүлдөрүн билүү – өзүн сабаттуу, азыркы замандын адамы деп санаган ар бир жарандын милдети. “Саякбай” деген фильм – бул, 20-кылымдын драмалык окуяларын: үркүн, революция, Улуу Ата Мекендик согуш, согуштан кийинки убакытты камтыган тарыхтын жылбаяны...”, – деп “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов куттуктоо сөзүндө баса белгилеп кетти.

Улуу Манасчыга арналган фильмди 2016-жылдын жайдын аягында тартып баштаганы жөнүндө эсиңизге салабыз. Бул фильмди Эрнест Абдыжапаров өзүнүн сценарии боюнча койду. Кинофильмдин оператору Кыргызстанда гана эмес башка өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон, белгилүү кинооператор Кадыржан Кыдыралиевдин баласы Хасан Кыдыралиев тартты. Обонун композитор, педагог, Кыргыз улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев жазды. Ал эми башкы ролду бир нече артист аткарды – жаш чагындагы Саякбайдын ролун Үмөт Дөөлөт уулу, бойго жеткен манасчынын образын Бактыбек Нурмат уулу, улгайып калган Саякбайдын ролун Марат Жанталиев аткарды.  Ал эми “Саякбай” кинотасманын чыгарылышын “Саякбай манасчы” фонду колдоп берди.

 

 

 

← Тизме боюнча артка