10-май – КРдин БАНК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ

10.05.2018

“Банк чөйрөсүндөгү иш Сиздерден жогорку кесипкөйлүктү, билимдерди жана машыгууларды гана эмес, ак ниеттүүлүктү жана кайрымдуулукту талап кылат.  Айыл Банктын өнүгүүсүнө салган салымыңызды баалоого кыйын. Акыркы жылдары аткарылгандын баары, Банктын бардык жетишкендиктери – бул, ээлеген кызматка жана  аткарган ишке карабастан, бардык жамааттын, ар бир кызматкердин биргелешкен иши” – деп, өзүнүн куттуктоо сөзүндө “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин Төрагасы Кайрат Маматов баса белгилеп жана банк кызматкерлерине “ден соолук, ийгилик, кызмат тепкичи боюнча өсүүнү, өз ишин натыйжалуу аткарууну жана өз жакындарына көңүл бөлүп турууну” каалап кетти.

          “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов кызматкерлерге кайрылып төмөнкүлөрдү айтып кетти: “Биздин жамаат күнүмдүк иши менен өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуп турат. Ошону менен бирге биз кардарларга финансылоо кызматтарын көрсөтүүсү менен гана чектелбестен, аларга консультация беребиз жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам көрсөтөбүз. Ошондуктан элге керектүү адамдардан болушун каалайм!  Ошондой эле үзүрлүү иш, түгөнгүс энергияны, ойлогон ой-максаттарга жетүүнү каалайм! Чын ден соолукта болуңуз!”

       Өз кезеги менен Айыл Банктын кызматкерлери Кыргызстандын банк чөйрөсүндө иштеген кызматкерлерди кесиптик майрам менен куттуктап, стабилдүү кирешелерди жана активдүү өнүгүүнү каалап кетти.

 

 

 

← Тизме боюнча артка