“Айыл Банк” ААК Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандары менен оорукта иштегендерди куттуктады

07.05.2018

7-май күнү “Айыл Банк” ААКтын Бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мунарбек Шорохов Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарын  жана оорукта иштегендердин куттуктоосуна катышты.

Бул иш чара Улуу Ата Мекедик согуштун ветерандары менен майыптардын жана оорукта иштегендердин Коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду, бул уюм согуш ветерандарын, оорукта иштегендерди жана блокадниктерди колдоо маселелери менен алектенет.

 “Айыл Банк бир нече жылдан бери согуш ветерандарын жана оорукта иштегендерди колдоо маселелери боюнча бул Бирикмеге жардам берип турат жана келечекте дагы жардам берет. Банктын жамаатынын атынан келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктайбыз. Сиздерге тынч асман, Жеңиш үчүн ыраазычылык билдиребиз жана ден соолукта балдардын, неберелердин жана жакын адамдардын арасында аман-эсен жүрө бериңиз” – деп, өзүнүн куттуктоо сөзүндө Мунарбек Шорохов айтып кетти.

Иш чарага Бишкек, Балыкчы жана Кочкордон 120дана ашык адам катышты

Алардын ичинде Асек Урманбетов дагы болду. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 1923-жылы туулган. Согуш жылдары 735-стрелковый полктун командир взвода болгон.  Согуштук тапшырманы аткарып жатканда жарадар болуп оң бутунан ажыраган.   Улуу Ата Мекендик согуш жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Асек атанын үч уулу жана үч кызы бар, жана жалпысынан  50дөн ашык небере менен чөбөрөсү бар.  Ветеран 2004-жылы “Ак Жол” Коомдук фондун уюштурган, ал фонд улгайган адамдарга, майыптарга, кароосуз калган балдарга, жаш үй-бүлөлөргө, бала бакчаларга жана мектептерге жардам берет.  Бүгүнкү күнгө 1 млн. 200 миң сомго жардам көрсөттү.  Бул жардамды китептер үчүн алган гонорарлардын эсебинен берет, ал китептерди 75 жашынан баштап жаза баштаган. Мындан тышкары “Ак Жол” фондуна боорукер адамдар дагы жардам беришет.

 

 

 

← Тизме боюнча артка