“Айыл Банк” ААК 22 жыл: ийгиликтин тарыхы

03.07.2018

Салттуу банкингдин заманбап өзгөрүүлөрүнүн тушунда, кардарлар үчүн негизги болуп финансы мекеменин ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу саналат.  Өзүнүн тандоосунда кардар биринчи ирет финансы мекеменин ишкер зоболосун жана акча каражаттардын сакталышынын  кепилдигин карайт, ошондуктан Айыл Банк өзүнүн ийгиликтүү тарыхы менен өзгөчө орунда турат.

Бүгүн Айыл Банк 22-жылдыгын белгилеп жатат, ошондуктан тарыхыбызды  эске салалык.                                 

Баары кантип башталган...

Айыл Банктын тарыхы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-июлундагы №303 Токтомунун чыгышынан башталган жана Дүйнөлүк банк тарабынан көмөктөшүү аркылуу түзүлгөн. Айыл Банктын негизги максаты болуп жеке фермерлерге жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө дайыма жана туруктуу негизде жардам көрсөтүү саналат.

Жаңы түзүлгөн айыл чарба финансы корпорациясы өзүнүн ишин жүргүзгөн мезгилдин ичинде өлкөнүн айылдык калкына кредиттерди берүү тармагында олуттуу ийгиликтерге жетише алды. Чет өлкөлүк донорлордун менен өнөктөштөрдүн жардамы менен жаңы банктык инструменттерди жана технологияларды өндүрүү үчүн эң мыкты чет өлкөлүк адистерди тарта алды, бул аракеттер калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, ошол учурга алдыңкы деп саналган жамааттык насыялоону өндүрүүгө, долбоорлорду талдоонун жаңы ыкмаларын, кызмат акылардын прогрессивдүү шкаласын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ушул кадамдардын баары жогорку кесиптеги команданы чогултууга мүмкүнчүлүк жаратты, жана бул команда өзүнүн дасыгын дайыма жогорулатып турат. Ушул жылдардын ичинде олуттуу тажрыйба иштелип чыкты жана анын аркасы менен финансы корпорациясы ишенимдүүлүк, кесипкөйлүк жана көзөмөлгө алынган жактан жогорку банктык стандарттарга туура келген финансылык институт катары болду.  Микрокредиттик компаниянын ийгиликтүү ишин Дүйнөлүк банктын авторитеттүү финансылык институттары, ар кандай рейтингдик компаниялар жана консультативдик топтор колдоп, белгилеп кетти.

КСФКнын жаңы банктык кызматтарды өндүрүү үчүн керектүү инфраструктурасы жана мүмкүнчүлүгү бар болгону жөнүндө түшүнүп, Өкмөт микрокредиттик компанияны “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Айыл Банк. Сизге жакын

2006-жылдын декабрь айынан баштап компаниябыздын турмушунда жаңы глава ачылды, анын аталышы “Айыл Банк” ААК болду. Өткөн 12 жылдын ичинде биргелешип иштеген иши боюнча Айыл Банктын көптөгөн эл аралык өнөктөштөрү пайда болду. Алардын ичинде, Дүйнөлүк банк, АБР, ЕАБР, ПРООН, Европа Союзу, Кытайдын өнүктүрүү банкы, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Япония айыл чарбалык финансы корпорациясы, ЮСАИД, ар кандай долбоорлор.

Айыл Банктын тарых китебинин кээ бир барактарын барактап чыгалы:

2007

Дүйнөлүк банктын “Агробизнес жана маркетинг” долбоору менен кызматташуу башталды.

2008

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарба кредити -1” программасы боюнча жазгы талаа иштерине 100 миллион сом өлчөмүндө Банкка каражаттарды бөлүп берди.

2009

 “Айыл Банк” ААКтын кеңселеринде “Береке” акча которуулардын локалдык системасы ишке киргизилди.
Которуулар боюнча 11 продукт өндүрүлдү.
Аймактык тармакка 105 бөлүм кирди.
 Айыл Банк Евразиялык айыл чарба кредит ассоциациясына кирди, ага СНГ менен чет өлкөлөрдүн 10 агрардык банкы кирет.

2010

Банктын активдери 3 миллиард сомго жетти.
Банк Казахстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Германия Федеративдик Республикасынын 10 банкы менен корреспонденттик эсептерди ачты.

2011

Банк чет өлкөлүк жана улуттук валюталарында депозиттерди тартууга чектемелерди алдырды.
«Инвестторгбанк» жана «Сооданы финансылоо банкы» Россиянын эки банкы менен чет өлкө валютасында корреспонденттик мамилелер орнотулду.
www.ab.kg жаңы сайт түзүлдү.
Банк “Мам. лизинг- 1”  багыты боюнча биринчи лизинг операцияларды баштады.

2012

Банк интернет-банкингди (кардарлардын эсептерин Интернет аркылуу алыстан тейлөө) өндүрдү.
Банк 14 МСДПге кошулду (Золотая Корона, Контакт, Юнистрим, Мигом, Анелик, Вестерн Юнион, Фастер, Приват Мани, Лидер, Интерэкспресс, Мани грамм, БТФ-Союз, Близко, Быстрая Почта).

2013

Мам. компаниялардын башкаруусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Мамлекеттик катышуу үлүшү менен ААКтын шайлануучу органдардын кадрлар резервин түзүү тартиби жөнүндө” №513 токтомду кабыл алды. Биринчи жолу мамлекеттик мекемелер аралык комиссия тарабынан мамлекеттик катышуу үлүшү менен  ишканалардын шайлануучу органдарына кадрлар резерви ачыктык жана транспаренттик принциптеринде түзүлдү, кадрлар резерви квалификациялык тандоодон, тестирлөөдөн жана аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлерден түзүлдү. Ушул реформалардын негизинде, КРӨгө караштуу ММБФтин кадрлар резервине тандоодон өткөн талапкерлердин ичинен “Айыл Банк” ААКта Директорлор кеңешинин жаңы курамы түзүлдү. Директорлор кеңешинин жаңы курамына корпоративдик башкарууну реформалоо боюнча, компаниянын  транспаренттигин жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жогорку маселелер коюлду. Жаңы Директорлор кеңеши тарабынан корпоративдик башкаруу системасын реформалоо боюнча чаралар көрүлдү:
“CIPE Эл аралык жеке ишкердик борборунун” колдоосу менен “Корпоративдик башкаруу мектеби” Коомдук фондунун консультанттары менен биргелешип Корпоративдик башкаруунун жаңы кодекси иштелип чыкты, анда жумушчу топ “Айыл Банк” ААКтын ишине адаптацияланган, корпоративдик башкаруунун дүйнөлүк тажрыйбасын чагылдырууга аракет жасады.

Жаңы корпоративдик документтер иштелип чыкты жана аларга өзгөртүүлөр киргизилди. Устав, Директорлор кеңеши жөнүндө жобо, Башкармалык жөнүндө жобо жана башка ички саясаттар жана жоболор.
2013-жылдын аягында “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин ишин баалоо методикасы иштелип чыкты жана өндүрүлдү жана “Корпоративдик башкаруу мектеби” Коомдук фондунун консультанттарынын жардамы менен аткарылган, Директорлор кеңешинин натыйжалуулугунун биринчи көз карандысыз баалоосу өткөрүлдү.
Банкта иштеп жаткан кызматкерлерди жана коммерциялык банктардан адистерди тартуу менен Башкармалыктын жаңы курамы  түзүлдү.
Мурда аткарылган иштин талдоосу өткөрүлдү жана бизнес процесстерди оптимизациялоо боюнча план иштелип чыкты.

2013-жылдын аягында банктык рыногунда ээлеген позициялардын өсүшү  белгиленди жана “Айыл Банк. Сизге жакын.” – Банктын негизги бренди бекемдеди.
Банк овердрафт жаңы кредит продуктысын өндүрдү. Райффайзенбанк (Австрия) менен корреспонденттик мамилелер орнотулду.

2014 

Директорлор кеңеши башында турган жаңы команда тарабынан 2015-2017-жылдарга Банктын өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты. Универсалдуу банктын бизнес моделин ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
АКИpress маалыматтык агенттик уюштурган 2014-жылдын интернет тандоосунун жыйынтыктары боюнча “Айыл Банк” ААК “Кыргызстандын эң мыкты банкы” деп таанылды.  
Айыл Банк Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өнөктөшү болду.
Европа Инвестициялык Фондунан (Германия) АКШнын 5 миллион доллары тартылды.
Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында АйCard картасы чыгарылды.
Төлөм терминалдарында экологиялык жыйымдарды төлөө кызматы жана чоң көлөмдөгү жүктү таразага тартуу үчүн жыйымдар кызматы өндүрүлдү.
Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн Банктын  кардарларын тейлөө түйүндөрүндө Электрондук кассалардын орнотулушу башталды.

2015

Айыл Банктын ынтымактуу жамааты Өнүктүрүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашырып жатат, ал жөнүндө Банктын бардык финансы көрсөткүчтөрү далилдеп турат. Шаардык сегментти тартуу максатында корпоративдик кардарлар үчүн “Айыл банк-Борбор” жаңы филиал ачылды, ал жерде тейлөөнүн жаңы стандарттары ишке ашырылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Береке” акча которуулар системасына Кыргыз Коммерц Банк кошулду.

2016

Тейлөө сапатын жогорулатуу максатында Айыл Банктын Call-Борбору биринчи чалууларды кабыл алып баштады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасынын алкагында, “Айыл Банк” ААК менен “Мамлекеттик Ипотека Компаниясы” ААКтын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.


Айыл Банк “Дүйнөлүк акча жумалыгы” (Global Money Week) глобалдуу долбоорго биринчи жолу катышты.
Банк Кыргызстандын банктарынын ичинен биринчи болуп Москва биржанын Валюталык рыногунда бүтүмдөрдү жүргүзүп баштады.
2015-жылдын жана 2016-жылдын 5 айынын жыйынтыктары боюнча Айыл Банк “Кыргызстандын эң жакшы салык төлөөчү” деп таанылды.
Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду АКШнын 10 миллион доллар суммасына кошумча ресурстарды Айыл Банкка бөлүп берди.
Банктын төлөм терминалдарында Социалдык фондуга жана Салык кызматына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат өндүрүлдү.

2017

“Айыл Банк” ААК Кепилдик фондунун жана Мамлекеттик ипотека компаниясынын версиясы боюнча “Эң мыкты банк” номинациясында, ошондой эле Банктар аралык процессинг борборунун версиясы боюнча Элкарт карталардын эмиссиясы боюнча жеңүүчү болуп чыкты.
 “Береке” Электрондук капчык өндүрүлдү.


Банктын төлөм терминалдарында КР ИИМдин айып төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча кызмат киргизилди.
Банк Улуттук банктын аффинаждалган стандарттуу куймалар жана  жеке белгилери көрсөтүлбөгөн башка өлчөнгөн   куймалар түрүндө баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө лицензия алды.

2018

Банкка KPMGнин сертификаты ыйгарылды.  KPMG – бул, аудитордук, салыктык жана консультациялык кызматтарды көрсөткөн фирмалардын эл аралык тармагы, ал төрт чоң аудитордук компаниянын ичине кирет.  


Банктын төлөм терминалдарында карточкалык жана алыш-бериш эсептерди толуктоо жана Банктын кардарларынын керектөө кредиттерин төлөө боюнча кызмат киргизилди.
Бүгүнкү күнгө Банктын активдери 23,7 миллиард сомду түзөт, кредит портфели 16,5 миллиард сомдон ашты, мөөнөттү депозиттердин портфели 5,7 миллиард сомдон ашты.
Асакабанк менен өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга жана Өзбекстандын Узагротехмаш Трейд менен айыл чарба техникасын жеткирүүгө келишимдерге кол коюлду.
АКИpress-тин версиясы боюнча “Айыл Банк” ААК банк секторунун үч лидердин ичине кирет.

Жогоруда айтылган иш чаралар аркылуу корпоративдик башкаруунун реформасы өткөрүлгөнү жөнүндө жана Банктын уюштуруучулук түзүмү менен бизнес-процесстери оптималдаштырылганы жөнүндө белгилеп кетүү зарыл.

“Айыл Банк” ААК жыл сайын потенциалын өстүрүп, бүгүнкү күнгө универсалдуу болуп калды жана салттуу банк кызматтарынын бардык түрлөрүн көрсөтөт. Акыркы беш жылдын ичинде бир кыйла алдыга жылып, азыркы мезгилде Айыл Банк негизги финансы көрсөткүчтөр боюнча банк сектордун үч лидеринин ичинде стабилдүү кирет.   Мындан тышкары, кирешеси жана натыйжалуулугу боюнча өлкөдөгү беш эң жакшы мам. компаниянын ичине кирет. Банктын ийгилигинин негизинде Айыл Банктын бардык кызматкерлери тарабынан Өнүктүрүү стратегиясын жана бизнес-пландарды аткаруусу жатат. Бул өз кезеги менен, жетиштүү техникалык базаны өндүрүүгө, өлкөнүн экономикалык борборлорунун филиалдарын гана эмес алыскы региондордун филиалдарын дагы заманбап кеңселер менен жана байланыш системалар менен камсыздоого алып келди.  Албетте, бул кардарларды тейлөө деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт. Мамлекет натыйжалуу менеджер боло алары жөнүндө Банктын менеджменти далилдей алды.

Банк бүгүнкү күнгө чейинки өлкө менен бирге татаал жолду өттү.  22 жылдан бери Айыл Банк өз элине кызмат кылып жатат: чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө, айыл чарба, курулуш, транспорт, жана байланыш өкүлдөрүнө, ишкерлерге, пенсионерлерге жана жеке жактарга.  

Банктын жетишкендиктеринин негизинде, Айыл Банк бүгүнкү күнгө заманбап, туруктуу институт болуп саналат деп ишенич менен айтсак болот, ошондой эле ал агро өнөр жай секторунун өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн Өкмөттүн негизги куралы болуп саналат. Жетишкендиктердин жана иштеги туруктуулуктун аркасы менен Айыл Банк ишкер чөйрөсүндөгү кардарлардын, корпоративдик кардарлардын жана айыл чарба өкүлдөрүнүн арасында ишенимге ээ болду. Айыл Банктын ынтымактуу жамааты келечекке ишеним менен карайт жана эң кыйын пландарды ишке ашырууга даяр. Жана бул жалпы жамаатыбыздын жетишкендиги болот деп ишенебиз!

 

← Тизме боюнча артка