“Айыл Банк” ААКтын кызматкерлери “Тренерлер үчүн тренинг” окуусуна катышышты

22.06.2018

Ага 18 кызматкер катышты, негизинен бул, аймактарга барып Банктын кызматкерлерин окуткан, же келечекте окута турган тренер-кызматкерлер. Тренингдин негизги максаты – катышуучулардын тренердик компетенцияларын калыптантуу.

          Окуунун жүрүшүндө катышуучулар заманбап тренинг технологиялары менен таанышып, аудиториянын муктаждыктарына жараша семинардын/ тренингдин түзүмүн иштеп чыгууга жана пландаштырууга үйрөнүштү, аудитория менен иштөө, дискуссияларды өткөрүү, тапшырмалар боюнча нускамаларды берүү, кайтма байланыш жана баалоо ыкмаларын иштеп чыгышты.   Бир сөз менен айтканда, тренердик куралдарга байып, тренинг жөнүндө теоретикалык билимдерин системге салышты.

       

  Тренингдин жүрүшүндө көнүгүүлөр, чакан топто жана экиден иштөө, мини-лекциялар, дискуссиялар, “мээге чабуул жүргүзүү”, ишкер жана ролдук оюндар, мини-видеокейстер колдонулду. 

Тренинг өз тармагында кесипкөй болгон кызматкерлерге өзүнүн билимдерин жана керектүү ыкмаларын башка кызматкерлерге үйрөтүүгө жардам берди. Тренингдин жүрүшүндө уюмдун ишинин спецификасы (конфликтология, медиация) менен байланышкан жагдайлар жана көнүгүүлөр колдонулду.

Окуунун аягында тренингдин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды. 

← Тизме боюнча артка