“Айыл Банк” ААКта жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалда иш-аракеттер боюнча командалык-штабдык машыгуулар болуп өттү

20.07.2018

Бул пландуу окуунун жүрүшүндө кызматкерлер жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу боюнча чаралар менен таанышып, өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда алгачкы коргонуу каражаттардын практикалык колдонуусун үйрөнүштү. Бул иш чарага Банктын бардык кызматкерлери тартылды. Тиешелүү нускамалар берилип, “Айыл Банк” ААКтын башкы кеңсесинде, филиалдарында, объектилеринде жана транспортто өрт жагдайларын алдын алуу боюнча чаралар аныкталды.

Экинчи этапта фронт-офистин кызматкерлери үчүн практикалык окуулар уюштурулду:

- кабарландыруу  сигнализациясын басканда Банктын постто турган милиционердин аракеттери;

-  өзгөчө кырдаал пайда болгондо ыкчам чара көргөн топтун кызматкерлеринин аракеттери;

- Банктын кызматкерлерин жана кардарларын коопсуз (шарттуу) районго чыгарууда коопсуздугун камсыздоо.

Үчүнчү этапта Банктын Коопсуздук кызматы менен биргелешип коомдук тартипти камсыздоо, куткаруу иштери боюнча, эвакуациялык иш чаралар жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш чаралар караштырылды.

Окуунун натыйжасында Банктын командалык борборунун мүчөлөрүн кабардандыруу тартиби иштелип чыкты. Бөлүмдөрдүн өзгөчө кырдаалдагы иш планы жаңыртылды.

Банктын объектилеринде өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана ликвидациядоо органы катары жарандык коргонуу боюнча Банктын командалык борбору, Банктын кызматкерлерин жана кардарларын  материалдык жоготуулардан, өрттү локализациялоо жана өчүрүү боюнча коопсуздукту жана коргоону камсыздады.

← Тизме боюнча артка