“Айыл Банк” ААК фермерлерге тракторлорду лизингге жеткирүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

23.08.2018

Жолугушуунун жүрүшүндө “Айыл Банк” ААК менен «Atalyk Group» ортосунда лизинг максаттарында, Айыл чарба техникасын жеткирүү келишиминин алкагында кызматташуу маселелери талкууланды.    «Atalyk Group» Кыргызстандагы кытай айыл чарба техниканы өндүргөн компаниянын өкүлү болгонун белгилеп кетүү зарыл.   Тараптар Айыл Банк аркылуу лизинг шарттарында кыргызстандык фермерлерге тракторлорду (кубаттуулугу 150 аттын күчүнөн жогору) жеткирүү жөнүндө макулдашты.

← Тизме боюнча артка