Айыл Банктын “Береке” электрондук капчыгына бир жыл!

05.09.2018

Жана бул окуяга карата чоң презентацияны өткөрдү – бардык филиалдарда жана түйүндөрдө, ошондой эле көп эл чогулган жерлерде өзүнүн продуктысын сунуштады. Презентациянын жүрүшүндө Банктын кызматкерлери “Береке” электрондук капчыгы, анын мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары  жөнүндө айтып беришти, байгелерди ойнотуп, викторина өткөрүштү, ошондой эле каалоочулар ошол эле жерден электрондук капчыктарын каттоого мүмкүнчүлүк алышты.  Бул укмуштай иш чара болду.  Бир күндүн ичинде Электрондук капчыктын пайдалануучулары катары бир жарым миң жаран катталды. Бүгүнкү күнгө болсо электрондук капчыктын пайдалануучуларынын саны 11 156 адамга жетти. Өткөн жылдын ичинде Айыл Банктын “Береке” Электрондук капчыгы төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, алыскы райондордун калкын жаңы инновациялык кызматтарга кошту, ошондой эле аларга финансы сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Финансы сабаттуулукту жогорулатып, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн, Банк өлкөнүн келечегине чоң салып кошуп жатат. Мындан тышкары, “Береке” капчыгы дайыма өнүгүү менен бирге, көрсөтүлгөн кызматтардын түрлөрүн кеңейтип жатат. “Береке” капчыктын жардамы менен пайдалануучулар төмөнкүдөй төлөм операцияларын жүргүзө алышат:

- Коммуналдык кызматтар, телевидение, интернет үчүн төлөө жана салыктарды төлөө;

- Уюлдук телефондордун балансын толуктоо;

- Кайрымдуулук уюмдарына акча которуу;

- Товарлар жана кызматтар үчүн төлөө;

- Киного билет сатып алуу;

- “Береке” капчыктын ичинде акча которууларды жүргүзүү.

Мындан тышкары, пайдалануучу Банктын кеңсесинде идентификациялоону жүргүзсө, анда демейдеги төлөм операциялардан тышкары, ал Айыл Банктын төмөнкү  негизги банк операцияларын жүргүзө алат:

- Алыш-бериш эсепти толуктоо;

- Кредитти төлөө;

- Депозиттик эсепке акча төгүү;

-  “Элкарт” төлөм картасын толуктоо.

Бул кызмат капчыктын пайдалануучуларына абдан керек болгондугун белгилеп кетүү зарыл. Бир сөз менен айтканда, “Береке” электрондук капчыгы  тейлөө жана төлөө тармагындагы ылдамдыктын жана ыңгайлуулуктун заманбап муктаждыктарына жооп берген, заманбап төлөм системасы болуп саналарын далилдеди. Электрондук капчыктын бардык пайдалануучуларын “Береке” капчыгынын бир жылдыгы менен куттуктайбыз! Биздин капчыкты тандаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биз менен бирге финансы ийгиликтерге жетүүнү каалайбыз!!!

 

 

 

← Тизме боюнча артка