“Айыл Банк” ААКтын 21 кызматкери Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Акциясынын аралык этабынын жеңүүчүлөрү болуп чыгышты

30.08.2018

Бул акция 15-майда башталган жана үстүбүздөгү жылдын 15-декабрына чейин уланат. Акция ОКӨФтүн кредит продуктылары жөнүндө калктын маалымдоосун жогорулатууга жана региондордо кредит берүүнү көбөйтүүгө багытталган. Өлкөнүн Президенти быйылкы  жылды  “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялаганына байланыштуу, бул акция, уюштуруучулардын ой-пикири боюнча, региондордо ишкердиктин өнүгүүсүнө  жана финансы ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга  көмөктөшөт.

Кыргызстандын региондорунда активдүү иштеп жаткан жана Фондунун кредит продуктылары боюнча эң көп кредиттерди берген эң мыкты кредиттик адистер турмуш-тиричилик техникасын жана телевизорлорду алышты. Айыл Банкта ошондой иштеп жаткан 21 адис болду. Талас, Ысык-Көл, Ош, Чүй, Баткен облустарынан үчтөн жеңүүчү, Нарын облусунан  эки жеңүүчү жана Жалал-Абад облусунан төрт жеңүүчү аныкталды.

Акциянын жыйнтыктары боюнча жылдын аягында башкы байге (туристтик путевка 2 адамга) ыйгарылат.

Кесиптештерди алган байгелери менен куттуктайбыз жана мындан аркы  ийгиликтерди каалайбыз! 

← Тизме боюнча артка