Бүгүн “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлери донордук канды берүү боюнча акцияга катышты

24.08.2018

Ага башкы кеңсенин кызматкерлеринен тышкары, Кардарларды тейлөө борборунун (048-0-75 Сактык кассасы) жана Сокулук филиалынын кызматкерлери дагы катышты. 40 каалоочунун ичинен ден соолугуна карата 34 кызматкер гана кан беришти.  

Кан борборунан келген бригада Банк кызматкерлерине көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күнгө республикабызда кан жетишпей жатканы жөнүндө жана, ошондуктан бул акция абдан керектүү болгондугу жөнүндө белгилеп кетишти. Кан бергени үчүн бөлүнгөн каражаттар, донорлордун каалоосу боюнча №4 Шаардык ооруканасына караштуу Күйүк борборуна берилсин деп чечилди.

Ушундай кайрымдуу акцияларга кошулгула, себеби донор болуу бул ардактуу жана пайдалуу миссия!

 

← Тизме боюнча артка