“Айыл Банк” ААК III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болуп саналат

01.08.2018

“Айыл Банк” ААК расмий өнөктөш катары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын башталган мезгилден тартып колдоп келе жатат.  2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өткөрүлө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы өзгөчө болгон жок. Себеби Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын миссиясы болуп, этномаданиятты жана этнос менен калктын ортосунда толеранттуу өз ара мамилелерди калыбына келтирүү, өнүктүрүү жана сактап калуу үчүн этностордун жана калктардын өзгөчөлүгүн сактап калуу саналат.  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урааны дагы ошону билдирет: “Дүйнө жүзүндөгү бүткүл көчмөн цивилизациясынын жашоо философиясы”.

Айыл Банк Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү катары, “Мөңгү” (“Ледник”) биринчи эл аралык  этно-экологиялык фильмдердин кинофорумуна колдоо көрсөтөт, ал иш чара Кырчын этношаарчасында 3-сентябрынан 6-сентябрга чейин өтөт.    Ушул иш чаранын жүрүшүндө фильмдерди көрсөтүү үчүн атайын боз үйлөр жана ачык асмандын астында аянттар уюштурулат. Айыл Банк менен анын негизги өнөктөштөрүнө жана кардарларына ушул эл аралык кинофорумдун: жаратылыш ресурстарын сактоо, айлана чөйрөнү жана био ар түрдүүлүктү коргоо боюнча кыймылды колдоо - темасы абдан жакын жана түшүнүктү. Себеби Айыл Банктын көбүнчө кардарлары өзүнүн ишин жаратылыш менен шайкештикте жүргүзүшөт.

Мындан тышкары    ипподромдо Оюндардын ачуу жана жабуу салтанаттуу аземи, ошондой эле негизги ат чабыш - спорттук мелдештер болуп өтөт. Айыл Банк бутик ачат, ал жерде жарнамалык-маалыматтык продукциясы жайгаштырылат, ал эми Көчмөндөр оюндарынын символикасы менен атайын кийимди кийген Банктын кызматкерлери  ушул иш чаранын конокторун банктын продуктылары менен тааныштырып, “Береке” электрондук капчыкты ачканга жардам беришет. Бул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган коллекциялык монеталар сатылат, сөздүн кыскасы, конокторго Айыл Банктын  тейлөө кызматтарынын бардык түрлөрү сунушталат. 

 

 

  

← Тизме боюнча артка