“Айыл Банк” ААК III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (World Nomad Games) расмий демөөрчүсү болду

29.08.2018

Бул иш чарага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөдөн катышуучулар чакырылды, алар дүйнөнүн ири спорт иш чараларында сунушталбаган, спорттун этникалык түрлөрү боюнча жарышат.  Бул оюндар 3 локацияда өтөт: Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда жана физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу комплексинде, “Кырчын” капчыгайында.

Мелдештер этноспорттун 37 түрү боюнча өткөрүлөт. Бардыгы 594 медаль ойнотулат (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медаль).

Мындан тышкары, дүйнө элдеринин этно-хит, этно-бий, этно-фольклор жана эпосторду айтуу чеберчилиги боюнча катышуучу-өлкөлөрдөн келген эң мыкты маданият ишмерлери катышат.

Ипподромдо боло турган ачылыш жана жабылыш аземине 24 000ден ашык адамдын катышуусу пландаштырылып жатат. Телекөрүүчүлөрдүн саны,  TRT AVAZ, ССTV, EURONEWS, AL JAZEERA, МАТЧ ТВ алдыңкы дүйнөлүк медиа агенттиктери аркылуу дүйнө боюнча 800 миллиондон ашык адамды камтыйт.  Ошондой эле ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучу-өлкөлөрүнүн Президенттери жана Өкмөт башчылары катышат деп пландаштырылууда.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урааны: “Дүйнө жүзүндөгү бүткүл көчмөн цивилизациясынын жашоо философиясы”

Айыл Банктын жамааты этностор менен элдин ортосунда өз ара толеранттуу мамилелерди тарбиялоо үчүн дүйнөлүк этностордун жана элдердин кайтадан жаралуусуна, өнүгүүсүнө жана сактап калуусуна көмөктөшкөн командага киргенине сыймыктанат.

 

← Тизме боюнча артка