“Айыл Банк” ААК III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында

11.09.2018

Оюндарды өткөрүү укугу Турция мамлекетине салтанаттуу өткөрүп берилди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жаткан мезгилде промо-акцияларды өткөрүү үчүн, дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн келген конокторго жана делегацияларга заманбап, өнүккөн финансы мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, банкты татыктуу көрсөтө турган эң мыкты кызматкерлердин арасында кастинг өткөрүлдү. Нарын, Ала-Бука, Кара-Суу, Гүлчө, Талас жана Чолпон-Ата филиалдарынын эң мыкты жаш адистери тандалып, алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганынан тартып, ипподром менен Кырчында аяктаганга чейин иштешти.

Банк “Мөңгү” этно-экологиялык фильмдердин эл аралык кино форумуна колдоо көрсөттү. Бул форум “Кырчын” этно шаарчасында өткөрүлдү. http://www.worldnomadgames.com/ru/news/ru/Mezhdunarodnyi-kinoforum-etno-ekologicheskikh-filmov-MONGU-vpervye-prokhodit-v-Kyrgyzstane/

Оюндар өткөрүлгөн мезгилдин ичинде 100 сомдук белектик балансы менен 200 Береке мобилдик капчык ачылды, Оюндар өткөрүлгөн жерлерде орнотулган төлөм терминалдары өлкөбүздүн тургундарына жана конокторго жүздөгөн ар кандай төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн үзгүлтүксүз камсыздап турду.

Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун аянтында жайгашкан “Айыл Банк” ААКтын бутигинде иштеген жаш адистер келген конокторду жакшынакай маанай менен тосуп турушту, бул жерде жашылча-жемиштер сунушталып, төлөм терминалдын кызматтары менен пайдалануудан тышкары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тематикасында КРУБдун монеталары сатылып жатты.

Биз Оюндардын татыктуу өтүшүнө өз салымыбызды коштук деп сыймыктануу менен белгилеп кетсек болот! Кыргызстандыктарды ушундай маанилүү окуя менен куттуктайбыз, жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жылдан жылга өнүгүп, келечеги кең болсун!

 

← Тизме боюнча артка