“Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга катышты

14.09.2018

“2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыккандан кийин, айыл чарба продукциясын иштеткен жана экспортко чыгарууга аракет кылган ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү активдештирүү жана финансылоонун керектүү шарттарын түзүү жөнүндө тапшырманы бергени жөнүндө өкмөт башчысы мекеме башчыларынын эсине салды.

Жогорудагы финансы институттарынын жетекчилери Президенттин Жарлыгынын алкагында жүргүзүлгөн иши жөнүндө мамлекет башчысына маалымат беришти.

Мурат Акимовдун сөзү боюнча 2018-жылдын ичинде “Айыл Банк” тарабынан фермерлерге айыл чарба кредиттерин берүү боюнча чоң иш жүргүзүлдү. 7 миңден ашык үй-бүлө айылдагы бизнесин жана чарбасын кошумча өстүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

“Мурда кредиттердин көпчүлүгү мал чарбачылыкка багытталган болчу. 2017-жылдан баштап кредиттердин багытын кайра иштетүү чөйрөсүнө бурууга өзгөчө көңүл бура баштадык. 2017-жылы биз 4 мал союу цехтин ачылышына финансылык жардам көрсөттүк. Бүгүнкү күнгө бир цех Жалал-Абад облусунда иштеп баштады. Жакынкы арада дагы бир цех Өзгөн районунда ачылганы турат. Баткен облусунда болсо жергиликтүү жер-жемиштерди кургатуу боюнча бир катар ишканалар иштеп жатат. Ысык-Көл облусунда интенсивдүү бактарды өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат”, - деп, “Айыл Банк” ААКтын төрагасы белгилеп кетти.

Ошондой эле “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимовдун сөзү боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уставдык капиталга 20 млн доллар акча бөлүнүп берилди, бул акча Банкка ресурстарды өнүктүрүүгө жана тартууга, ошондой эле кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2018-жылы айыл чарба кредиттер боюнча пайыздык чендер 20 пайыздан 18 пайызга чейин төмөндөдү, жана пайыздык чендерди 16 пайызга чейин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле республикабыздын алыскы айылдарында жашаган кардарларга дагы 2 пайызга төмөндөтүү жөнүндө маселе талкууланып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков республикабыздын финансы институттары тарабынан региондорду колдоого багытталган чаралардын ишке ашырылып жатканына ыраазы болду. Президент логистикалык борборлордун түзүүсүнө, айыл чарба продукциянын кайра иштетүүсүнө жана экологиялык таза продукцияны иштеп чыгарган кыргыз ишканаларды экспортко чыгаруусуна көмөктөшүүгө өзгөчө көңүл буруп, региондордогу долбоорлордун финансылоосун күчөтүүгө чакырды.

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка