WhatsApp маалымат менен алмашуу системасында жаңы кызмат (өзүн өзү тейлөө менюсу)

18.09.2018

Бул функция кардарларга керектүү командаларды жөнөтүп Банк көрсөткөн кызматтар боюнча кызыккан суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кардар төмөнкү кызматтар боюнча жооп алса болот:

1. Кыргызстан боюнча бөлүмдөрдүн даректери;

2. Кредиттер боюнча маалымат;

3. Депозиттер боюнча маалымат;

4. Төлөм карталар;

5. Банкоматтар, төлөм жана Pos-терминалдар;

6. “Береке” электрондук капчык;

7. Акча которуулары.

Өзүн өзү тейлөө менюсун пайдалануу Call-борбордун операторлорунун жумушун жеңилдетери жөнүндө белгилеп кетүү зарыл. Кардар биринчи кайрылганда эле менюга чакыруу алат, ал төмөнкүдөй болот: “Саламатсызбы! Сиз “Айыл Банк” ААКтын Call-борборуна кайрылдыңыз”. Суроолоруңузга жооп берүүгө дайыма даярбыз. Ал эми күтүп турганча төмөнкү маалымат менен таанышсаңыз болот: керектүү пунктунун санын жөнөтүп, жогорудагы сандар боюнча кызматтардын тизмесин аласаңыз болот.

Жаңы кызмат кардарларыбызга жагат деп жана Банктын продуктылары боюнча маалыматка жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жөнөкөй кылат деп ишенебиз.

 

← Тизме боюнча артка