“Айыл Банк” ААК Нарын шаарындагы веложарышуунун спонсору болду

24.09.2018

    Нарын шаарынын мэриясынын демилгеси боюнча шаардын жарандары 5 км аралыкты велосипед менен өтүштү. Нарын филиалынын кызматкерлерин веложарышууга катышуусун колдоп жана катышуучуларга футболкаларды жана бейсболкаларды берип, “Айыл Банк” ААК иш чарага активдүү катышты. 

         Спорт менен машыгууну жана сергек жашоону колдогон жамаат катары, “Айыл Банк” ААКтын жамааты ушул акцияны колдоп Нарын шаарынын тургундарына кошулду.

← Тизме боюнча артка