“Айыл Банк” ААКтын Жалал-Абад филиалы “Ыр достукка көпүрө” кароо конкурсуна катышты

24.09.2018

Конкурстун негизги максаты – мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, б.а. пайдалануу чөйрөсүн кеңейтүү.

Конкурска “Кыргызтелеком” ААКтын, облустук ИИБдин кызматкерлери жана Жалал-Абад облусунун банктарынын курама командасы катышты, курама командага “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлери дагы кирди.

Конкурстун алкагында катышуучулар кыргыздын макал-лакаптарынын билимдерин, көркөм окуу ыкмаларын көрсөтүп, эл аспаптарынын коштоосунда ыр ырдап, элдик бийлерди аткарышты.

Конкурстун жыйынтыктары боюнча калыстар тобу Кыргызтелеком командасын жеңүүчү деп тапты. Экинчи орунду болсо банктардын курама командасы менен ИИБ бөлүп алышты.

Айыл Банктын Жалал-Абад филиалы, облустун башка банк мекемелериндей эле конкурска 5 миң сом бөлүп берди (залды жасалгалоого, катышуучулардын костюмдарына, музыка аппаратурасын ижарага алууга ж.б.у.с.).

 

 

← Тизме боюнча артка