“Айыл Банк” ААКтын Нарын филиалынын кызматкерлери Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин имаратына барышты

28.09.2018

Университет 2016-жылы ачылган. Бул гуманитардык жана так илимдер мектеби, негизги жана кошумча адистиктер боюнча жогорку билимди алууга мүмкүнчүлүк берет. Университеттин окуу программасы Торонто Канада Университети, Британ Колумбия Университети, Улуттук изилдөө университетинин Жогорку экономика мектеби, Москва жана Стокгольм экономика мектептери, Сидней Технологиялык университети менен кызматташууда иштелип чыкты. Борбордук Азия Университети ошондой эле өндүрүш тажрыйбанын программаларын иштеп чыгуу маселелеринде Виктория Канада Университетинин өнөктөшү болуп саналат.

Экскурсиянын жүрүшүндө Университет Нарын - Баетово (3 км) жолун куруп, инфраструктураны жана облус менен байланышты бекемдеткени, суу менен камсыздап, Төш-Булак айылына чейин жолду асфальттаганы жөнүндө Университеттин кызматкерлери айтып беришти. Ошондой эле Нарын шаарында мугалимдердин жана коноктордун жашоосу үчүн бөлмөлөрдү оңдоп жатат.

2016-жылдын май айында саламаттыкты сактоо боюнча Ага Хандын кызматы дарылоо-диагностикалык борборун ачты, бул борбордун Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиясы бар. Борбор биринчи медициналык жардамды көрсөтүү менен бирге терапевтикалык кызматтарды сунуштайт.
“Маданият боюнча Ага Хандын трасты” шаардын тургундарына wi-fi аркылуу Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздап, Сейтаалы Жакыпов атындагы паркты оңдоду.

Мындан тышкары, Айыл Банктын кызматкерлерине Университеттин пландары жөнүндө айтып беришти, анда өз ара кызматташууга дагы орун бар. Мисалы, Айыл Банктын кызматкерлери октябрь айында белгиленген Бүткүл Дүйнөлүк аманаттарды сактоо күнүнүн алкагында, финансылык сабаттуулук боюнча иш чараларды өткөрүүгө даяр.

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка