“Айыл Банк” ААК пенсионерлерди карылар күнү менен куттуктады

01.10.2018

Бүгүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кары-картаңдары бири бири менен көрүшүү, жаш кезегин эске салуу жана ушул татынакай майрамды белгилөө үчүн салтанаттуу абалда чогулушту.

Ошондой эле көп жыл иштеп жана ардактуу пенсияга чыккан Банктын 13 пенсионерин Карылар күнү менен куттуктоо үчүн Банк каражаттарды бөлүп берди.

“Айыл Банк” ААК Сиздерди чын жүрөктөн Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт! Биз ата-энелерибизге, насаатчыларга жана улуу байке-эжелерибизге урмат көрсөтүү менен бирге ыраазычылык билдиребиз. Берген насаатыңыз үчүн рахмат! Сиздердин тажрыйбаңыз биз үчүн абдан баалуу. Кийинки муундарга жол көрсөтүп, үлгү болгонуңуз үчүн Сиздерге таазим!

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз, жакын адамдарыңыз дайыма жаныңызда болсун!

 

 

 

← Тизме боюнча артка