“Манас” Эл аралык аэропортунда “Айыл Банк” ААК көчмө кассасын кайрадан иштетип баштады

04.10.2018

Бул иш чарага “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Уланбек Ногаев, “Манас” Эл аралык аэропортунун Бишкек филиалынын финансы директору Жаңыл Абикова, “Манас” Эл аралык аэропортунун Бишкек филиалынын коммерциялык кызматынын башчысы Асан Садыков, Айыл Банктын Бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мунарбек Шорохов, Сокулук филиалынын башкармасы Жаслан Алимханов, маркетинг жана PR бөлүмүнүн башчысы Нуриля Чекирова, Банктын башка кызматкерлери жана кардарлары катышышты.

Уланбек Ногаевдин сөзү боюнча бул түйүн стратегиялык жактан Банк үчүн абдан маанилүү. Себеби “Манас” Эл аралык аэропорту – өлкөбүздүн аба мейкиндигинин дарбазасы. Жана Кыргызстанга аба жолдору менен келген коноктор, аэропортто кайсы финансы мекемелери бар болгондугун ошол замат көрүшөт.

“Биздин өлкөгө учуп келген адам биринчи эле сервистин деңгээлин жана көрсөтүлгөн кызматтардын жогорку сапатын байкайт. Себеби Манас аэропорту дүйнөлүк стандарттарга дал келет. Ошондуктан алдынкы банк кызматтарын көрсөткөн финансы мекеме катары “Айыл Банк” ААКтын тейлөө түйүнүн ачуу, аэропорттун ар бир жүргүнчүсүнүн жагымдуу көрүнүштөрүнүн улантылышы. “Манас” Эл аралык аэропорту менен тыгыз байланышта өлкөбүзгө келген коноктордун жагымдуу ой-пикирлерин жаратабыз!” – деп, өзүнүн кириш сөзүндө “Айыл Банк” ААКтын Төрагасынын орун басары белгилеп кетти.

Эки ири мекеменин ортосундагы кызматташуу 2016-жылы эл аралык рейстерди каттоо зонасында биринчи көчмө кассасы ачылганда эле башталган. Бирок аэропорттун реконструкциясына байланыштуу көчмө кассаны биринчи кабатка көчүрүү зарылчылыгы пайда болду, бул тескерисинче артыкчылык жана кардарлар үчүн кошумча ыңгайлуу шарт болуп калды.

“Манас” Эл аралык аэропортунун Бишкек филиалынын финансы директору Жаңыл Абикова аэропорттун аймагында ушундай мекеме ачылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Айыл Банк аэропорттун имаратында өзүнүн ишин кайрадан баштап жана жумасына 7 күн 24 саат тартибинде банк кызматтарын көрсөткөнүнө кубанычтабыз. Жана бул жерде Айыл Банктан башка бир дагы финансы-насыялык мекеменин кеңсеси жоктугун белгилегим келет. Биздин кызматташуубуз өз ара пайдалуу жана кардарларыбыз үчүн үзүрлүү болоруна ишенем”, - деп, Жаңыл Абикова белгилеп кетти.

Ушул көчмө кассаны жетектеген “Айыл Банк” ААКтын Сокулук филиалынын башкармасы Жаслан Алимханов, көчмө кассанын ишин кайрадан баштоо боюнча бардык керектүү маселелерди ыкчам чечкени үчүн Банк менен “Манас” Эл аралык аэропортунун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү көптөн бери күтүлгөн көчмө кассанын ачылышы, өлкөнүн башкы аэропорту аркылуу келген жана кеткен жарандарыбызды жана конокторду абдан сүйүнтүп жатат. Мындан тышкары, керектүү эсептешме-кассалык операцияларды жүргүзгөн Банктын шериктештерин дагы сүйүнтүп жатат, эми алар ушул кассалык түйүнүндө күнүгө 24 саат тейлене алышат: “Береке” ички акча которууларды жана «Золотая Корона», «Контакт», Вестерн Юнион», Маниграмм», «Юнистрим», «Фастер» системалары боюнча эл аралык акча которууларды жүргүзүшөт, депозиттик эсептерди толукташат, Банктын насыяларын төлөшөт, коммуналдык жана башка кызматтарды төлөшөт, чет өлкөлүк конокторду сүйүнткөн валюталарды алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүшөт. Алар акча каражаттарды расмий Банктык түйүндөр аркылуу алмаштырууну каалашат. Ошондой эле салыктарды айыптарды, мисалы ИИМдин жол эрежелерин бузганы үчүн айыптарды төлөсө болот. Биздин Банк элге жакыныраак болууну жана аларга банктык кызматтарын көрсөтүүнү каалайт”,- деп, Сокулук филиалынын башкармасы сөзүн аяктады.

 

 

← Тизме боюнча артка