Евразия өнүктүрүү банкы менен “Айыл Банк” ААК Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнести финансылоо тууралуу макулдашууга кол коюшту

11.10.2018

Алматы, 09-октябрь 2018-жыл. - Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) менен “Айыл Банк” ААК чакан жана орто бизнести финансылоо программасы боюнча 10 млн. долларга алкактык макулдашууга кол коюшту. Макулдашууга ЕАӨБнын активдер менен пассивдер боюнча башкаруучу директор Дмитрий Ладиков-Роев жана “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын милдетин аткаруучу Уланбек Ногаев кол коюшту.

Долбоордо Зайымчыга максаттуу кайра жаралуучу кредит багытынын берилиши каралган. Макулдашуунун шарттарына ылайык, насыялоо АКШнын долларында, орусиянын рублинде, евродо, кыргыздын сомунда жана казактын тенгесинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

“Чакан жана орто бизнести колдоо, мамлекеттин экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон таасирдүү куралдардын бири болуп саналат, бул жерде калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык туруктуулукту камсыздоо жагынан негизги ролду микро, чакан жана орто ишканалар ойношот”, - деп, ЕАӨБнын активдер менен пассивдер боюнча башкаруучу директор Дмитрий Ладиков-Роев белгилеп кетти.

2014 жана 2017-жылдары Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнести колдоо программасы боюнча 10 млн. доллар жалпы суммага кредит багыттары “Айыл Банк” ААКка берилген. Долбоордун жыйынтыктары боюнча микро жана чакан бизнестин 400дөн ашык субъекти каржыланган, бул республикадагы жумушчу орундарды сактап калууга жана өндүрүштүн көлөмдөрүн көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Маалымкат

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) катышуучу-мамлекеттердин рынок экономикасынын өнүгүүсүнө, алардын туруктуу экономикалык өсүшүнө жана өз ара соода-экономикалык байланыштардын кеңейтүүсүнө көмөктөшүү максатында, 2006-жылдын январь айында Россия менен Казахстан тарабынан уюштурулган эл аралык финансылык уюм болуп саналат. ЕАӨБнын уставдык капиталы 7 млрд. долларды түзөт. Банктын катышуучу- мамлекеттери болуп Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Таджикистан Республикасы саналат.

ЕАӨБ жөнүндө толук маалымат төмөнкү сайтта  http://eabr.org/

“Айыл Банк” ААК (Кыргыз Республикасы) - бул, агрардык секторду колдоодон тышкары, тейлөө кызматтардын толук тизмесин көрсөткөн ири мамлекеттик банк.

ЕАӨБнын пресс-борборунун контакттары:

Савельев Александр +7 (985) 765 23 59 (Москва)

Сапаргалиева Азима +7 (777) 750 00 08 (Алматы)

Горбачёв Сергей +7 (916) 727 22 00 (Москва)

pressa@eabr.org

www.eabr.org

 

 

 

← Тизме боюнча артка