Директорлор кеңешинин Төрагасы К.А.Маматов Ош шаарында өткөрүлгөн “Финансы кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгү” регионалдык форумга катышты

11.10.2018

Иш чарага “Кыргызстандын банктар союзу” ЮЖБ менен коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, “Гарантиялык фонд” ААКтын, “Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы” ЮЖБнын, “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКтын өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларынын мэрлери, Ош облусунун акими жана бизнес коомдоштуктардын өкүлдөрү катышты.

           

Сессиянын алкагында өкүлдөр өзүнүн иши, программалык финансылоо жөнүндө доклад менен чыгышты жана “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруунун алкагында Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын иши жөнүндө маалымат алышты.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар актуалдуу маселелерди талкуулап, банктык продуктылардын жана кызматтардын жакшыртуусуна тиешелүү болгон сунуштарды көңүлгө алышты.

Бул форум Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан уюштурулду.

 

 

 

← Тизме боюнча артка