“Айыл Банк” ААК Кыргызстандагы Корея ишкерлердин ассоциациясы үчүн жаңы тейлөө кызматынын презентациясын өткөрдү

12.10.2018

Жолугушуунун жүрүшүндө Кардарларды тартуу боюнча бөлүм башчысы Жолдош Мукай кредиттер менен депозиттик продуктылар жөнүндө жана акча которуулардын эл аралык системаларынын ыңгайлуулугу жөнүндө чет өлкөлүк бизнесмендерге айтып берди.

 Жакында “Айыл Банк” ААК вона менен түз акча которулар боюнча кызматты көрсөтө баштайт, бул мүмкүнчүлүк, жөнөтүлгөн акча каражаттарды АКШнын долларына андан кийин вонага конвертациясын жүргүзүүгө зарылчылыктын жоктугу менен ыңгайлуу, эми акча каражаттарды жана убакытты жоготпостон, которууну түздөн-түз вона менен жөнөтсө болот.

 Ошону менен бирге кореялык бизнесмендерге лизинг продуктылары жөнүндө кеңири маалымат берилди.

“Бүгүнкү күнгө “Айыл Банк” ААК Кыргызстандагы ири өндүрүүчү-компаниялардын өкүлдөрү менен лизинг чөйрөсүндө ийгиликтүү кызматташып жатат, жана Түштүк Кореянын бизнесмендери менен дагы айыл чарба жана башка техникасын сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү түзүп жатат. Биз Ассоциация менен кызматташып жатканыбызга абдан кубанычтабыз жана Банктын башка кызматтарын көрсөтүүдө узак мөөнөттүү кызматташууга ишенебиз”, - деп, Жолдош Мукай белгилеп кетти.

Мындан тышкары, Кыргызстанга жана тескерисинче Кыргызстандан акча которуулар системасындагы ыңгайлуулуктары жана жаңылыктары жөнүндө Түштүк Кореяда иштеп келген Кыргызстандын жарандарына суроо берилди.

 Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Айыл Банктын өкүлдөрү берилген суроолорго жооп берип, өзүнүн иши жөнүндө толук маалымат беришти, ошондой эле Банктын кызматтары жөнүндө маалыматтык материалдарды берип, белектерди тапшырышты.

  Жолугушууга 20дан ашык кореялык ишкер катышканын белгилеп кетүү зарыл.

 


 

← Тизме боюнча артка