“Айыл Банк” ААКтын “Спартакиада - 2018” Ош шаарында өткөрүлдү

16.10.2018

13-октябрь күнү бардык мелдештер Асылбек Момунов атындагы Футбол академиясынын аймагында, ал эми спорттун аралыкка чуркоо түрлөрү А.Сүйүмбаев атындагы шаардын борбордук стадионунда өткөрүлдү.

Мелдештер адаттагыдай эле төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: мини-футбол, настольный теннис, шахмат жана армреслинг. Ал эми Айыл Банк үч жылдан бери өнөктөш жана спонсор болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата, Nomad спорттун төмөнкү түрлөрүн кошуу жөнүндө чечим кабыл алынды: таяк – тартыш, тогуз коргоол, ордо. Ошондой эле биринчи жолу жылдан жылга популярдуу болгон аралыкка чуркоо жана эстафета түрлөрү кошулду.

Спартакиаданын ачылышында “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин Төрагасы Кайрат Маматов: “Банк сергек жашоо мүнөзүн өркүндөтүүгө умтулат, ошондуктан спорт менен дене тарбия – Айыл Банктын жана филиалдардын корпортивдик маданиятынын ажырагыс жандоочусу, - деп белгилеп кетти. - Спорттук жеңиштер Сиздерге жамааттык энергия берип, биргелешкен жеңиштерди алып келсин! Жана эң күчтүүлөр жеңишке ээ болсун!”

Өзүнүн сөзүн ырастап, Кайрат Адамкалиевич настольный теннис боюнча мелдешке катышты.

“Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов: “Спорттук мелдештер адамдын мүнөзүн чыңайт жана жамааттык демди тарбиялайт. – деп, баса белгилеп кетти - Биз бирге унутулгус эмоцияларды жана сезимдерди башыбыздан өткөрөбүз, ошону менен бирге күч алып, ден соолугубузду чыңайбыз. Биздин Спартакиадабыз беш жыл мурун байыркы Ош жеринен башталып, кайрадан ушул жерде өткөрүлүп жатат.” Мурат Кудайбергенович өзү болсо Ордо оюнуна катышып, аны командасы 1-орунду ээледи.

Мелдештерге Айыл Банктын бардык филиалдарынан 10 команда жана Башкы кеңседен эки команда (ГО1 жана ГО2), бардыгы 200гө жакын адам катышты.

Эң тынч, бирок мээнин иштөөсү боюнча курч, шахмат боюнча мелдеш болду. Анын жыйынтыктары төмөнкүдөй:

Шахматы

1-орун - Азизбек Турдибаев (Ош);

2-орун - Илимбек Бектеналиев (Жалал-Абад), Жалал-Абад филиалынын башкармасы;

3-орун - Чолпонкул уулу Жаныбек (Нарын).

Настольный теннис боюнча мелдештер абдан курч өтүп жатты.

Настольный теннис. Эркектердин арасында:
1-орун - Бусурманкул уулу Мирлан (ГО2);

2-орун - Канат Калыков К. (Ош);

3-орун - Ренат Эстебесов (Талас).

Аялдардын арасында:

1-орун - Айпери Маткадырова (ГО2);

2-орун - Гульнар Аширова( Жалал-Абад);

 3-орун - Гульжан Айдарова ( Талас).

Армреслинг боюнча мелдештер дагы абдан кызыктуу болду. Натыйжасында эркектердин арасында:

1-орун - Нурмамат Эрматов (Жалал-Абад);
2-орун - Барктабас уулу Мирлан (Нарын);
3-орун - Басан уулу Азамат (Чүй).

Аялдардын арасында:

1-орун - Айгуль Сарыбаева (Баткен);
2-орун - Рахат Ашырова ( Талас);
3-орун - Жамиля Адилбаева ( Ош). 

 

3 километр аралыкка чуркоо боюнча:

1-орун - Умар Акиев (Талас), 12 мин. 10 сек жыйынтыгы менен;

2-орун - Назар Нуртазаев (Жалал-Абад) – 12:27;

3-орун - Баяман Качыбеков (Ош) -12:33;

1 километр аралыкка чуркоо боюнча:

1-орун - Айжамал Разакова (ГО 1), 4 мин 37 сек жыйынтыгы менен;

2-орун - Лилия Алиева (Бишкек) - 4:47;

3-орун - Айдай Турсунбекова (ГО 2) -5:00.

100дөн 4 эстафетасы. Аралыкка чуркоо.

1-орун - Талас облусунун командасы ээледи, курамында: Умара Акиева, Рауана Ниязалиева, Гульжан Айдарова жана Байра Абдыкалиева.

2-орун - Чүй облусу (Актан Болотбеков, Басан уулу Азамат, Нургуль Дуйшембекова, Венера Чукулдаева).

3-орун - Ош облусу (Касымбек уулу Нурсултан, Азамат Мизамов, Жунус кызы Улара, Гульжамал Кариева).

Быйыл Спартакиаданын программасына кирген спорттун улуттук түрлөрү иш чаранын программасын жандантты. Бул мелдештердин түрлөрүн өткөрүүгө Арслан Малдыбаев жетектеген «Nomad Sport» командасы жардам берди.

Тогуз -Коргоол

1-орун - Анар Умаралиева (ГО 1);

2-орун - Кемелбек Бекиев (Ош);

3-орун - Азамат Турушев (Жалал-Абад).

Ордо

1-орун - Акжолтой Акматов (Ош);

2-орун - Тилек Бейшалиев (Баткен), Кадамжай филиалынын башкармасы;

3-орун - Улан Осмонов (Ош), Гүлчө филиалынын башкармасы.

Таяк тартыш (эркектердин арасында):

1-орун - Эльдар Усупбеков (Ош);

2-орун - Сайдимар уулу Арынбай (Баткен);

3-орун - Саламат Атыров (Чүй).

Таяк тартыш (аялдардын арасында):

1-орун - Айгуль Сарыбаева (Баткен);

2-орун - Чорлпон Бегалиева (ГО 2);

3-орун - Сагыналы кызы Жанара (Талас);

Адаттагыдай эле эң кызыктуу мини-футбол боюнча финал болду. Натыйжасында 1-орунду ГО1 командасы, экинчи орунду – Чүй облусунун командасы, үчүнчү орунду – Жалал-Абад командасы ээледи.

Банк тарабынан өзүнчө сыйлыктар дагы уюштурулду:

“Эң жакшы оюнчу” номинациясында Курмангазы Мамашарипов (Жалал-Абад) таанылды, “Эң жакшы коргоочу” - Рустам Акымбеков (Талас);

“Эң жакшы вратарь” - Семетей Кыялбеков (ГО 1);

“Эң жакшы бомбардир” - Азим Каракеев (Чүй).

Спартакиаданын аягында спорттун бардык түрлөрү боюнча жыйынтыктар чыгарылып:

1-орунду - Башкы кеңсенин 1 (ГО1) командасы ээледи;

2-орун - Ош облусунун командасы;

3-орун - Жалал-Абад облусунун командасы;

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрүнө медалдар, грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

 

← Тизме боюнча артка