“Айыл Банк” ААК Эл аралык аманаттар күнүнө карата өткөрүлгөн иш чараларга кошулду

25.10.2018

Банктын бардык филиалдарында финансы сабаттуулук боюнча тренингдер болуп өтөт, бул жерде банк продуктылары жана кызматтары боюнча викторина өткөрүлүп, анын жыйынтыктары боюнча кардарларга белектер тапшырылат.
Банк, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен Кыргызстандын Банктар союзу тарабынан уюштурулган Финансылык жарманкесине катышат, бул жарманке Ибраимов көчөсү,15 - дареги боюнча жайгашкан Дордой Плаза Соода борборунда 2018-жылдын 28-октябрында саат 12:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт. Бул жерде каалоочулардын баарын КРдин банктарынын презентациялары, жаңы продуктылар боюнча окуу сессиялары, байгелер жана белектер күтөт.
Быйылкы Эл аралык аманаттар күнүнүн урааны: “Бүгүнкү салым – эртеңки кенч”, үнөмдөөгө жана пайданы көбөйтүүгө үйрөнөбүз!

← Тизме боюнча артка