“Айыл Банк” ААК Чоң Алай Регионалдык бөлүмүнүн имаратын куруп баштады

16.10.2018

3-октябрь күнү Чоң Алай Регионалдык бөлүмүнүн жаңы имараты салынып баштады, ал эми 16-октябрь күнү курулуп жаткан имаратка капсуланы салуу боюнча салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул иш чарага “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Жолчубек Уметалиев, Гүлчө филиалынын башкармасы Уланбек Осмонов, Насыяларды тескөө-башкаруу бөлүмүнүн башчысы Урмат Алиев, ошондой эле регионалдык бөлүмдүн кызматкерлери катышты.

Жолчубек Жедигерович филиалдын кызматкерлерине жаңы имаратта жаңы ийгиликтерди каалап, жана филиал курулуп бүткөндөн кийин Чоң Алай районунун тургундарына, Банктын жогорку стандарттарына ылайык, банк кызматтарынын толук тизмеси жана эң жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматтары сунушталат деп баса белгилеп кетти.

Курулуш 2019-жылы аяктайт деп пландаштырылып жатат.

 

← Тизме боюнча артка