Бишкек шаарында «АгроТехЭкспо - 2018» көргөзмөсү өткөрүлөт.

25.10.2018

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрынан 16-ноябрына чейин Бишкек шаарында «АгроТехЭкспо - 2018» көргөзмөсүнүн өткөрүлүшү пландаштырылууда. Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Айыл Банк” ААК тарабынан уюштурулат.

«АгроТехЭкспо - 2018» көргөзмөсүндө алдынкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрү чыгарган, агро өнөр жай комплекси үчүн дайындалган техниканын жана технологиялардын толук тизмеси сунушталат. Көргөзмөнүн негизги максаты инвесторлорго Кыргызстандын агрардык секторун презентациялоо, айыл чарба техниканын атаандаша алгыдай болгон рыногун түзүү, жаңы агро өнөр жай технологиялары жөнүндө фермерлерге маалымат берүү саналат.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн астында 5000 чарчы метр аянтында өткөрүлөт. Көргөзмө үч күн өткөрүлөт, ага республиканын бардык облустарынан жана башка өлкөлөрдөн 700дөн ашык фермер менен дыйкандар катышат деп күтүлүүдө.

Бул көргөзмө республикабызда көптөн бери өткөрүлүп жаткан “Айыл-Агро” эл аралык көргөзмөлөрдүн уландысы болуп саналат.

«АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөнүн алкагында, лизинг боюнча долбоорлордун презентациясы өткөрүлөт. Презентациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору сунушталат, айыл чарба машиналардын лизинги, финансы-кредиттик уюмдардын лизинг операцияларына катышуусу, лизингдин камсыздандыруусу менен байланышкан маселелер талкууланат.

“АгроТехЭкспо-2018” көргөзмөнү өткөрүү боюнча Уюштуруучу комитет машина куруу заводдордун өкүлдөрүн жана айыл чарба техниканын, кайра иштетүүчү жабдуулардын, жаңы инновациялык технологиялардын, ветеринардык препараттардын, агрохимикаттардын, жер семирткичтердин, энергетикалык каражаттардын жана айыл чарба өндүрүшүнө дайындалган башка айыл чарба товарлардын жабдуучуларынын өкүлдөрүн көргөзмөгө келип катышып берүүгө чакырат.

Ушул иш чарага катышуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине кайрылсаңыз болот: Бишкек шаары, Киевская көч., 96А, каб. 712, тел: 0312 - 664509, 623629, 664481., E-mail: tehinspekzia@mail.ru.

 

← Тизме боюнча артка