“Береке” Системасы аркылуу Элкарт картасына которуулар тез жана оңой!!!

22.10.2018

“Айыл Банк” ААК менен “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК биргелешип жаңы кызматты киргизгени жөнүндө кубануу менен маалымдайт.

Эми “Береке” акча которуулар системасы аркылуу туугандарыңыздын жана жакындарыңыздын ар кайсы банктын Элкарт төлөм карталарына акча жөнөтө аласыз.

“Береке” акча которуулар системасы өлкө ичинде акча которуулар боюнча баштоочулардын бири болуп саналат. “Береке” системасына Кыргызстандын 12 банкы кошулган: «Айыл Банк» ААК, «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ЖАК, «Капитал Банк» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Евразиялык Сактык Банкы» ААК, «Халык Банк Кыргызстан» ААК, «Кыргызкоммерцбанк» ААК, «Кыргыз-Швейцариялык Банкы» ЖАК, «Чанг Ан Банк» ААК, "Инком" МФК, РК «АМАНБАНК» ААК жана «Азия Банкы» ЖАК.

“Элкарт” төлөм картасы – бул, соода-тейлөө ишканаларында товарлар менен кызматтарга төлөө үчүн, ошондой эле акча каражаттарды алуу үчүн дайындалган банктык картасы. Бүгүнкү күнгө Кыргызстандын бардык коммерциялык банктары “Элкарт” төлөм картасын чыгарып, тейлешет.

“Береке” системасы аркылуу Элкарт картасына толукталган акча каражаттарды кардар ошол замат алса болот. Ошону менен бирге Элкарт картасын тейлөө боюнча кеңири терминалдык тармак, өлкөбүздүн бардык жактарында, суткасына 24 саат акча каражаттарды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ушул кызмат менен колдонуп, Сиздер акча каражаттарды тез жана коопсуз которо аласыз, ал эми Элкарт улуттук төлөм картасы жаңы кызматтардын өндүрүүсүн уланта берет, ошону менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө көмөктөшөт.

“Айыл Банк” ААК жана “Банктар аралык процессинг борбору” – алдынкы финансылык технологияларды алдыга жылдырган улуттук долбоорлордун синергиясы!

Банктын байланыш-борборлору:

+996 (0312)68 00 00

+996 (556)68 00 00

 

← Тизме боюнча артка