«Айыл Банк» ААК Эл аралык аманаттар күнүнө карата өткөрүлгөн финансылык жарманкесине активдүү катышты

29.10.2018

2018-жылдын 28-октябрь жекшемби күнү Эл аралык аманаттар күнүнө карата I-финансылык жарманкеси өткөрүлдү, “Айыл Банк” ААК ага активдүү катышты. Финансылык жарманкенин урааны: “Бүгүнкү салым – эртеңки кенч!”.

“Мындай жарманке биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана биз финансылык маданиятты жогорулатуу боюнча ушундай иш чаралардын өткөрүлүшүн уланта беребиз. Коомдун ар бир мүчөсү өзүнүн акчасын туура пайдаланууга жана бюджетин туура пландаштырууга үйрөнүшү керек”,- деп, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармалыгынын мүчөсү Алмаз Сыдыков финансылык жарманкесинин ачылышында белгилеп кетти.

Банктын өкүлдөрү ушул иш чаранын алкагында кызыктуу конкурстарды уюштуруп жана анын жыйынтыктары боюнча эң активдүү катышуучуларга белектер менен байгелерди ыйгарышты. Жарманкенин бардык конокторуна “Айыл Банк” ААКтын продуктылары жана кызматтары боюнча буклеттер менен брошюралар таратылып, консультациялык иш чаралар өткөрүлдү.

Ошондой эле Банктын өкүлдөрү ээсиз металл эсептери боюнча презентацияны өткөрүп, анда катышуучуларды аманаттарды баалуу металл түрүндө сактоонун натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча маселелер кызыктырды, берилген суроолорго толук маалымат берилди. Финансылык жарманкенин аягында кардарлардын арасында “Айыл Банк” ААКтын кызматтары жана продуктылары боюнча суроолор берилди.

Финансылык жарманке Кыргыз Республикасынын Улуттук банк менен Кыргызстандын Банктар союзу тарабынан уюштурулду.

 

 

← Тизме боюнча артка