«Айыл Банк» ААК “Дүйнөлүк аманаттар күнүнүн” алкагында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

29.10.2018

2018-жылдын 26-октябрь күнү “Айыл Банк” ААК республиканын баардык аймактарында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү, бул иш чара Дүйнөлүк аманаттар күнүнүн алкагында өткөрүлдү.

Бул күнү Банктын 33 филиалы тең мектеп окуучулары жана студенттер үчүн эшигин ачып, аларга финансы сабаттуулугу боюнча саякаттарды жана тренингдерди өткөрүштү. Жаш муундун өкүлдөрү Банктын ишин ичинен көрүүгө жана банк кызматтары жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

Финансы сабаттуулугу жөнүндө кеңири түшүнүк алуу үчүн Банктын кызматтары менен продуктылары боюнча презентациялар, интерактивдүү сабактар, конкурстар өткөрүлдү, алардын жүрүшүндө финансылык маданиятка өзгөчө көңүл бурулду.

Банктын кызматкерлери акча универсалдуу каражат болгондугу жөнүндө айтып беришип, “товар менен алмашуу” жөнүндө түшүнүк беришти, окуучулар менен студенттерди купюралардын жана монеталардын номиналдары менен жана банктык эсепти ачуу жол-жобосу менен тааныштырышты.

Банктын кызматкерлери мектеп окуучуларын жана студенттерди финансылык сабаттуулукка үйрөтүп, жумуш, эмгек акы, чыгымдар жана аманаттар ортосундагы байланыштарды түшүнүүгө жардам беришти.

Кээ бир филиалдардын кызматкерлери жергиликтүү окуу жайларында финансы сабаттуулугу боюнча ачык сабактарды өткөрүштү, интеактивдер шайыр жана достук чөйрөсүндө болуп өттү, аманаттар боюнча көптөгөн суроолор берилип жана белектер менен байгелер ыйгарылды.

Окуу жайлардын мугалимдери Банктын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы ушундай иш чаралар өткөрүлөт деп ишеним көрсөтүштү.

Айыл Банктын кызматкерлеринин аркасы менен окуучулар менен студенттер финансы сабаттуулугун жогорулатуу боюнча бир нече жолу окууларды өтүштү.

Айыл Банктын өкүлдөрү өз кезеги менен, Дүйнөлүк аманаттар күнү ар бир катышуучунун эсинде жакшы ой-пикирлерди калтырды деп ишеним көрсөтүштү.

 

 

 

← Тизме боюнча артка