"Айыл Банк" ААК менен "Азия Моторс" ЖЧК ортосунда түзүлгөн келишиминин негизинде "Hyundai" жана "Renault" маркасындагы жеңил унаалар лизингке берилет

01.11.2018

Эми, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар бизнесин өнүктүрүү үчүн «Айыл Банк» ААК аркылуу «Hyundai» жана «Renault» маркасында жеңил унааларды коммерциялык лизинг шарттарында сатып алса болот.

Ошондой эле «Айыл Банк» ААК менен «Азия Моторс» ЖЧКнын ортосунда «Hyundai Construction Equipment» брендинин атайын техникасын лизингке алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Коммерциялык лизингдин негизи – бул келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алуу укугу менен, узак мөөнөткө каржылык ижара.

Шарттары төмөнкүдөй:

Пайыздык чен: сом менен жылына 14%, АКШ доллар менен 9%;

Лизингдин жалпы мөөнөтү: 6 жылга чейин;

Лизинг буюумунун жалпы баасынан 30%га чейинки өлчөмдө өздүк салымды төлөгөн учурда, келишимдин кепилдиги болуп лизингке берилген буюм саналат ( күрөө талап кылынбайт);

Жеңилдетилген мөөнөт: пайыздар боюнча – 3 айга чейин, негизги сумма боюнча - 10 айга чейин;

Ижарага алынган мүлктү милдеттүү түрдө камсыздандыруу керек.

← Тизме боюнча артка