Бишкек шаарында 14 – 16-ноябрында “АгроТехЭкспо - 2018” көргөзмөсү болуп өтөт

13.11.2018

«АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсүндө алдынкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн агро өнөр жай комплекси үчүн техника менен технологиялардын толук тизмеси сунушталат. Көргөзмөнүн негизги максаты болуп инвесторлорго Кыргызстандын агрардык мүмкүнчүлүктөрүн презентациялоо, айыл чарба техниканын атаандаша алгыдай болгон рыногун түзүү, фермерлердин жаңы агро өнөр жай технологиялары жөнүндө билимдерин жогорулатуу саналат.

«АгроТехЭкспо-2018» Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн алдында 5 000 чарчы метр аянтында өткөрүлөт. Көргөзмө үч күндүн ичинде иштейт, ага республиканын бардык облустарынан жана башка өлкөлөрдөн 7 000ден ашык фермерлер менен дыйкандардын келиши күтүлүүдө.

Бул көргөзмө республикада “Айыл Агро” бренди менен өткөрүлгөн эл аралык көргөзмөлөрдүн уландысы болуп саналат.

«АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсүнүн алкагында лизинг боюнча долбоорлордун презентациясы өткөрүлөт. Презентациянын жүрүшүндө Кыргызстанда ишке ашырылган лизинг долбоорлору сунушталат жана айыл чарба машиналарын лизингге берүү менен байланышкан, финансы-кредиттик мекемелердин лизинг операцияларына катышуусу жөнүндө маселелер талкууланат.

Машина куруу заводдорунун өкүлдөрүн жана айыл чарба техникасынын, кайра иштетүүчү жабдуулардын, жаңы инновациялык технологиялардын, ветеринардак препараттардын, агрохимикаттардын, жер семирткичтердин, энергетикалык каражаттардын жана айыл чарбага дайындалган башка айыл чарба товарлардын камсыздоочуларын көргөзмөгө чакырабыз.

Ошондой эле 14-ноябрь күнү “Айыл Банк” ААК «LEVDEO» маркадагы жаңы муундагы эки электромобильдин презентациясын өткөрөт. Каалоочулардын баары ушул электромобиль менен жана ал жөнүндө керектүү маалымат менен таанышып, Эко-лизингге алса болот.

 

← Тизме боюнча артка